Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү социалдык жактан жардамга муктаж, үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүп, азык-түлүк, акчалай жардамдар жеткирилди. Карантин учурунда күндүзү келип кетүүчү стационарга келип- кетип дарыланган жарандарга да дары-дармектер берилип, айыл өкмөттүн социалдык адиси тарабынан көзөмөлдөнүп турду.
Карантин учурунда айыл тургундарынын Кулатов айыл өкмөтүнүн бюджетинен берилген азык-түлүк жардамдарды алып жаткан учуру
Т.Кулатов айыл өкмөтүнун социалдык адиси Сыдыкова Айдангүл маалымат берип жаткан учуру
Ноокат районундагы Кулатов айыл өкмөтүнүн жашоочуларына карантин учурунда эл арасында жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө ар түрдүү жардамдар берилди. Кулатов айыл өкмөтүнүн социалдык адиси Айдангүл Сыдыкованын берген маалыматы боюнча:
«Кулатов айыл өкмөтүндөгү социалдык коргоосунун каттоосундагы жарандар такталып, аларга Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында таажы илдетин алдын- алуу жана күрөшүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, айыл өкмөттүн бюджетинен 585 600 сомдук акча каражатка күндүзү келип кетүүчү дарылануучу стационарга:
Жалпы: 585600 сомдук жардам алынып берилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Махабат Мавлянова күндүзү келип кетүүчү стационарга, Жал айылдык №16 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлерине жана таажы вирусун жуктуруп алган оорулууларга керектүү жардамдарды беришти.
Мындан сырткары, «Кулатовго жардам» аттуу топ түзүлүп, айыл өкмөттүн чет жерде иштеп жүргөн уул кыздары да жардам көлүн сунушту. Бул акчалар айыл өкмөттүн ооруканасына рентген апарат, УЗИ аппарат ж.б алынып, айылдык ооруканага жумшалмакчы. Айылдагы жардамга муктаж үй-бүлөлөр такталып, тиешелүү жардамдар берилди», -деп билдирди социалдык адис.
Бала- бакча тарбиячылары аралыктан окуу балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө жардам берерин айтышты
Таңнуру Жалалова