Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе 1 орто мектебинде “Манас»эпосунун күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Бул иш-чараны мектептин Кыргыз тил жана адабият мугалими Чолпон Ишеналиеванын демилгеси менен өттү.

Окуучулар жана мугалимдер жамааты
“Манас”эпосу улутубуздун сыймыгы, көөнөрбөс дөөлөтү, теңдеши жок тереңдигин жана бийиктигин окуп үйрөнүүгө шыктандыруу. Манастын баатырдыгын, айкөлдүгүн жана ар намыстуулугун баалай билүү. Окуучуларды аруулукка, патриоттуулукка тарбиялоо иш-чара болуп өттү деп эсептейм”, – деп билдирди Чолпон Ишеналиева.
Кыргызстанда «Манас» эпосунун күнү 4-декабрь күнү белгиленип келет. Кыргыз Республикасынын 2015- жылдын 27-апрелинде Маданият, маалымат жана туризм минстирлигинин демилгеси аркылуу кабыл алынган.
Учкун айылындагы «Манас» эпосунун күнү
Айдай Джолчубекова