Азыркы кырдаалга байланыштуу, Россияда эмгектенип жаткан жердештерибиз демилге кѳтѳрүп, Кеңеш айыл аймагына 1 кислородный концентратор, 5 ингалятор, дары-дармектерди алып берип жиберишкен.
Келген жардам айыл ѳкмѳттүн орун басары, имам хатиби, айыл башчылардын катышуусунда №9 ҮДТга кычкылтек концентратор, Кеңеш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу 5 айылдык ФАПка бирден ингалятор жана дары-дармектер бѳлүштүрүлүп берилди.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн орун басары Жеңишбек Исаев жардам көрсөткөн жердештерге өз ыраазычылыгын билдире кетти: Учурда коронавирус илдети жайылып элибиз дары-дармек, медициналык аппараттарга муктаж болуп турган учурда миграцияда жүргөн бир туугандарыбыз кайдыгер карабастан колдорунан келишинче жардамын беришүүдө. Ар бир чет жерде жүргөн боордошторубузду, журтташтарыбызды жараткан колдоп, ой максаттары ишке ашып, үйүнө аман-эсен кайтып келишин тилеймин жана 16миң элибиздин атынан коптон коп ыраазычылыгыбызды билдиремин.
Кеңеш айыл аймагы жаңы тез жардам автоунаалуу болду
Аймончок Кожонова