Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектеби окуучуларды кабыл алып баштады. Салттуу окууга балдарын жиберген ата- энелер мектепке келип, келишимге кол коюп макулдугун беришкен.
Бул тууралуу аталган мектептин директору Азамат Кашкариев төмөнүлөрдү билдирди:
«Пандемияга байланыштуу март айынан бери карантиндик тартипте биздин мектеп дагы жабылган болчу, бирок Жайыл райондук ооруга каршы штабдын жана билим берүү башкармалыгынын чечими менен айылдык оорукана жетекчилигинин жана Айыл өкмөтүнүн уруксаты менен салттуу окуу башталды. Учурда бардык санитардык эрежелерди сактоо менен жана дагы иштелип чыккан алгоритмдин негизинде окуу журуп жатат. Мектепте ооруган мугалимдер жана окуучулар жок. Айылдык оорукана менен тыгыз иштеп жатабыз. Бет кап жана жугушсуздандыруучу каражаттар менен камсыз кылышты. Балдардын сабактарга катышуусу 50% түзүп жатат. Ата-энелер менен келишимдик негизде иш алып барып жатабыз. Азыр абал туруктуу эле. Эч кандай кооптонуунун кереги жок».
Айрым ата-энелер балдарын мектепке жибергенден кооптонуп жатышкандарын билдиришет. Ошондуктан айрым окуучулар онлайн окуп жатышат.
Пандемияга карабастан мектепке балдарын жиберген дагы ата-энелер өздөрү макулдугун беришип, балдарын жиберип жатышат. Мектепте окуунун уланышын окуучулар менен ата-энелер деле туура көргөнүн айтышат. Бул тууралуу айыл тургуну пенсионер Анюта Айрыгомова билдирди:
«Менин эки неберем окуйт. Мектепке барып билим алуулары эле жакшы. Классташтары достору менен жолугушуп окуучуларга да жакшы болду. Мектепти сагынышты дагы. Бардык санитардык эрежелерди сактап барып келүүлөрүн айтып, жана бет кап жугушсуздандыруучу каражаттарын салып берип жатабыз. Бирок, албетте кооптонуу бар. Пандемия убагы эртерээк өтүп кетишин жана мурункудай жай турмушка кайтып келүүбүздү каалайт элем», -деди.
Азиза Тамчиева