Бул ирет электрондук коммерция тууралуу тренингдер Кыргызстандын калкы жыш жайгашкан 12 аймагында өтүүдө. Социалдык тармактар аркылуу алдын-ала каттоолор жүрүп, ага негизинен каалоочу жаштар, кыз-келиндер, ишкерлер катышууда. “Санарип Инсан” долбоору- жаштардын, кыз-келиндердин, мигранттардын жана алыскы аймактарда жашаган тургундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатындагы долбоор.

Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонууну, социалдык медианын функцияларын үйрөнүүнү, санарип финансылык колдонмолорду, онлайн коммерция жана ишкердик кылууда маалымат технологиясын колдонуу жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүү жолдорун сунуш кылат. Долбоорду Евробиримдиктин колдоосу менен European Neighborhood Council жана Интернет коомдун Кыргыз болүмү ишке ашырууда.

Элеттеги жаштарга жеткиликтүү жана бекер уюштурулуп жаткан окутуулар 10-мартта Балыкчыда, 11-мартта Караколдо, 13-мартта Бөкөнбаевде, 14-мартта Кочкор, 15-мартта Нарын, 16-мартта Ат Башыда өткөн тренингдердин алкагында аймактардагы катышуучулар төмөнкү көндүмдөргө ээ болушту: Товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видео жана тексттин жардамы менен бүгүнкү күндөгү базар талабына ылайык презентациялоо; тексттик сыпаттамасын түзүү; жарнама, пост, макала, техникалык мүнөздөмөлөр үчүн тексттерди жазуу жана копирайтинг сырларын ачышат. Ошондой эле, мобилография боюнча практика жүзүндө видео аркылуу жарыялоону; видеого тартууну, монтаждоо сырларын жана ага тиешелүү тиркемелер аркылуу электрондук аянтчаларга жайгаштырууну өздөштүрүштү. Жалпысынан 6 аймактан 120 жаран өздөрүнүн билимин жогорулатып, электрондук коммерциянын артыкчылыгын, катталуу ыкмасын, өзүнүн прдукциясын алдыга жылдырууну үйрөнүп, тренингдин аягында сертификаттарга ээ болушту.

“Санарип Инсан” долбоору- жаштардын, кыз-келиндердин, мигранттардын жана алыскы аймактарда жашаган тургундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатындагы долбоор. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонууну, социалдык медианын функцияларын үйрөнүүнү, санарип финансылык колдонмолорду, онлайн коммерция жана ишкердик кылууда маалымат технологиясын колдонуу жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүү жолдорун сунуш кылат. Долбоорду Евробиримдиктин колдоосу менен European Neighborhood Council жана Интернет коомдун Кыргыз болүмү ишке ашырууда.

Тренингдер Борбордук Шайлоо Комиссиясы менен биргеликте «Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда» өтүлүп жатат. Ошондой эле, окутууларга региондордо жаштар борборлору жана китепканалар дагы көмөк көрсөтүүдө.