Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында жазга даярдык иштери башталды. Элет элинин басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен алектенгендиктен жазында суугат суу маселеси көйгөй жаратып келчү. Ушуга байланыштуу учурда суу түтүктөрү оңдолуп жатат.
Сары-Дөбө айылында эки суучу элге кызмат кылат. Быйыл суугат суу мол болот деп билдирди Сары-Дөбө айылынын суучусу Алмазбек Кошалов.
“Анткени бул жылы кар көп жаагандыктан суу маселеси жок болот деп ишеничтүү айта алам. Учурда суу түтүктөрүнүн абалы жакшы. Өзүңүздөр билгендей эле, 2016-жылы түтүктөрдү мамлекеттин жана элдин жардамы менен оңдоодон өткөргөнбүз. Дагы кемчиликтер жаралып калса, суугат суу элге келгиче оңдойбуз. Суугат суу жаз айынын орто чендеринде бериле баштайт”, — деп айтты Кошалов.
Сары-Дөбө айылынын жашоочусу Курбан Вайдуллаев суугат суусу боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
”Бизде ар бир үйдө эгини бар. Эгиндеринде алма, терек, өрүк, алча жана жаңгагы бар. Ал эми жазында картошка, сабиз жана башка жашылчалардын түрүн эгебиз. Мурда суу тартыштыгы бар болчу. Кезектешип эки жумада бир жолунан эгиндерибиз суу иччү. Эми быйыл суу тартыштыгы жаралбай суу кенен болот деген ишеничтемин”, — деди Вайдуллаев.
Даярдаган: Динара Таштанова
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн