Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүнүн Манас атындагы орто мектебинде 25-февраль күнү спорттун теннис жана кол күрөш түрү боюнча зоналык спартакиада болуп өттү. Буга чейин спорттун волейбол, шахмат, тогуз коргоол түрлөрү боюнча болгон эле. 25-февраль күнү зоналык спартакиада толугу менен жыйынтыкталды.
Теннис жана кол күрөш боюнча Сумбула айыл өкүмөтүндөгү алты мектептен окуучулар келип күч сынашты. Жыйынтыгында теннис боюнча кыздар жана балдар арасында 1-орунду Саттаркулов мектебинин окуучулары алышса, кол күрөш боюнча Манас атындагы орто мектебинин окуучулары биринчиликти алышты.
Мелдеш ары кызыктуу, ары татаал болду деп билдирди “Сары-Дөбө” орто мектебинен келген окуучу Мурат Жумабек уулу.
“Мен бүгүн кол күрөш боюнча мелдешип, 3-орунду алдым. Жакшы эле даярданган болчумун, тилекке каршы, атаандаштарым бир аз күчтүүлүк кылып койду окшойт. Бирок эң башкысы жеңиш эмес бул катышуу. Мындай спорттук мелдештерге катышып биз эч качан зыян тартпайбыз, тескерисинче ден соолугубуз чың болот. Жалпысынан мелдеш өтө кызыктуу болду”, — деди Мурат.
Даярдаган: Динара Таштанова
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн