28-ноябрь күнү Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Бул өнөктүккө карата аймактык шайлоо комиссиясы жер-жерлердеги шайлоо тилкелерин даярдоодо. Тактап айтканда комиссия мүчөлөрүн окуулардан өткөрүп, АСУларды иштешин текшерип, добуш берүү күнүндө болуучу ар кандай күтүүсүз жагдайларды алдын-алуу чараларын көрүүдө. Мындан сырткары шайлоо өнөктүгү пандемиялык кырдаалга туш келгендигине байланыштуу добуш берүү күнү санитардык талаптар сакталуусу зарыл.
Баетов айылындагы №4091 шайлоо тилкеси
Баетов айылындагы №4090 шайлоо тилкесинде АСУ аппараттарынын иштешин текшерүүдө (Архив)
Ак-Талаа райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Белек Байышбек уулунун айтмында район боюнча 21 участкалык шайлоо тилкеси бар.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Белек Байышбек уулу
«Учурда бардык тилкелерде добуш берүү күнүнө даярдыктар көрүлүп жатат. Шайлоочулардын коопсуздугун, илдетти жуктуруп алуу же жайылтуу коркунучун алдын алуу үчүн БШК тарабынан антисептик каражаттар, беткаптар берилген. Добуш берүү күнүндө ар бир шайлоочуга таратылат. Аралыкты кармоо эрежелери сакталат. Ошондой эле ар бир шайлоо тилкесинде медицина кызматкаткерлери күзөттө болуп, дене табын текшерип турушат»,- дейт.
Алмаз Абдылдаев Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы №4090 шайлоо тилкесинде даярдыкты көрүүдө
Ал эми Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев шайлоо тилкелериндеги добуш берүүгө байланыштуу айрым маселелерди чечүүгө жардам көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.
Барчын Мамытбекова