Кочкор районун Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде USAID программасынын негизинде уюштурулган «Окуу керемет» долбоору 1-4-класстардын арасында өткөрүлө баштады. Бул долбоор окуучуларды китеп окууга шыктандырып жатса, мугалимдер жаңы стратегиялар менен иштөөгө бел байлашты.

«Окуу керемет» долбооруна «Соң-Көл» орто мектебинен 5 башталгыч класстын мугалими жана китепканачы катышып жатат

Долбоор алгач «Окуу керемет» атту көчмө китеп баштыкчасын уюштуруу менен башталды

Ар бир класска «Окуу керемет» деген атайын бурч уюштурулду

Долбоордун жүрүшү менен атайын райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Астра Асаналиева таанышып кайтты

3-класстын класс жетекчиси Кыял Сулайманова окуучулардан көптү үмүт кылат

2-класстын класс жетекчиси Насыйкат Алымкулова окуучулары мыкты китептерди жасап келгенин белгилей кетти

Бактыгүл Курманбекова: «4-класстын окуучулары активдүү катышып жатканына ыраазы экенин» билдирди

Махабат Бердибекова 1-класстар кичине болсо дагы, алардын аракеттерине ыраазы болуп турганын жашырган жок

Бул долбоорду окуу бөлүмүнүн башчысы Адылбек Назаров көзөмөлдөп турат

Окуу бөлүмүнүн башчысы Адылбек Назаров: «Долбоор 5жылга уланаарын» айтты
Адила Арслан кызы