Сокулук районунун билим берүү мекемелеринин аймагында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча “Таза аймак” урааны алдында 11-февралынан 31-майына чейин айлык жарыяланган. Бул иш-чарага жалпы Сокулук районунун билим берүү мекемелери катышып, мектептердин инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иш алып барышууда.
Билдирмеге караганда, аталган буйрукка Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева кол койгон. Буйрукка ылайык Жаңы-Жер толук эмес №2 орто мектеби “Таза аймак” иш-чарасын баштады. Окуу жайдын жалпы жамааты жана окуучулары мектептин айланасына гүлдөрдү тигип, айланадагы таштандыларды тазалап, бош турган жерлерге көчөттөрдү отургузду. Ал эми мектептин айланасындагы бак-дарактардын куурап калган бутактарын кесип, иретке келтирилди. Кийинки жумада мектептин имаратынын сырткы көрүнүшү боюнча иш алып баруу пландалууда. Мындан ары ар жуманын соңунда ишембилик өткөрүлүп айланада тигилген көчөттөрдү сугарып, арыктарды тазалоо иштери аткарылат.
Ошондой эле айлананы жарыктандыруу, мекеменин сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жумуштары күчөтүлөт», — деп билдирди мектептин директору Кемпирбек Эрмеков.
Турсун Омуралиева