Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Альбина Рахманбердиева айылда спорт менен машыккан айымдардын бири.
Ал жаштайынан эле спортко кызыгып келет. Себеби, Альбинанын үй-бүлөсү да спорт менен машыккан адамдар. Атасы Маткасым Рахманбердиев атагы чыккан улакчы, апасы кол күрөш боюнча мастер, иниси да улакчы.
Ал эми Альбина кол күрөш, волейбол, баскетбол боюнча спорттун мастери, көптөгөн сыйлыктардын ээси.
«Дени сак улут өнүгүп жаткан өлкө» деген ураандын алдында жылына өткөрүлүүчү айылдык спортсмендер деген мелдештерге катышып, алдынкы орундарды алган. Андан тышкары баалуу сыйлыктардын ээси болгон.
Азыркы күндө да мелдештерге үзбөй катышып келе жатат. Үй-бүлөсү да колдоо көрсөтөт. Ошондой эле Альбина эгиз кыздардын жана бир уулдун бактылуу энеси.
Даярдаган: Тинатин Коңурбаева