Студенттик куракты туура, пайдалуу өткөрүү маанилүү. Бул учурда болушунча келечектеги кыял, максаттарга кадам таштап, аракет көрүү зарыл. Айрым студенттер студенттик кез тез эле өтүп кетерин эске албай көп нерсеге жетишпей калат. Андыктан өзгөчө 1-курстун студенттерине пайдалуу кеңештерди сунуштайбыз.
Тимурлан Мелисбек уулу быйыл 1-курс болду. Ал университет мектептен айырмаланып тураарын байкаган. Ата-энесинен алыста болуп баштагандан тарта жоопкерчилик дагы жүктөлгөнүн айтат:
«Мектеп менен университеттин айырмасы чоң. Эң биринчи эле жол маселесин айтсак: мен, мектепке жөө бассам 2-3 мүнөт болчу. А бул жерде университетке барыш үчүн 1 саат убакыт өтөт. . Мурун бүт баарын ата энең кылган үчүн кеңири жүрүп, окуудан, жолдон, жашаган жерден эч ойлонбой жашай бересин. Ал эми студент болуп, өз мойнуңа өз жоопкерчилигиңди алып, өзүң иштеп жашооңду өз алдынча ойлонуп калат экенсин.Мектепте окуп жүргөндө үйгө барсаң тамак даяр, а бул жакта өзүң даярдайсын. Жыйынтыктап айтканда бул өз алдынча жашоого жаңы кадам.”
Аяна Жайлообаева дагы быйыл студент болду. Ага расписаниеден тарта сабактардын убактысы, тааныш эмес сөздөр көп болуп жатканын билдирди:
“Мектепте баа алсак, бул жакта балл топтош керек. Башында кыйын болду, көпчүлүк сөздөрү башкача. Мисалы: Аудитория, пара, окутуучу, кафедра, декан жана башка ушундай сыяктуу сөздөр. Азыр көнүп калдым, башында түшүнүксүз болду. Мектепте мугалимдер окугула деп бизге дайыма жардам берип турчу, азыр эми окутуучу сабак өтүп кетет, багыт берет биз өзүбүз кошумча даярданабыз, изилденебиз. Университетте окуганда өз алдынча изилдегенге жана ар дайым изилдөөнүн үстүндө болгонго, өзүбүздү өнүктүргөнгө үйрөнөт экенбиз. Көбүнчө тапшырмаларды аткарганда кыйынчылыктар болуп жатат, тапшырмалар көп берилет. Лекция болгон учурда жетишпей калган же болбосо түшүнбөй калган учурлар болуп жатат”.
Элдар Абдуразаков мектепте окуп жүргөн мезгилди жеңил болчу дейт. Студенттик жашоо башталганы түйшүктөр пайда болду:
“Мурда эч нерсени ойлонбой эле жыргап жүрчү экенбиз. Мектепке барып келип келип курсагыбызды тойгузгандан башка эч маселе деле жок болчу. Акчаны кантип башкаруу керектигин деле билген эмесмин. Айылда дээрлик акча деле колдонулбайт. Бул жерде эң аз дегенде 5миң кетип калат.”
Студенттердеги кызыгууну мугалимдер дагы байкайт. Филология илимдеринин кандиданты доцент Карлыгач Жумакадырова 1-курстун студенттери кызыгуу, изденүү менен келерин белгилейт. Келечектеги мыкты адистерди көргүбүз келсе ушул кезинен тарта жакшы нукка бурушубуз керек:
“1-курстун студенттерине мугалим жакпайт же сабак начар экен, мага кереги жок дебей болушунча алтындай убактысын коротуп окуп жаткандай кийин билип алайын кийин керек болот деп окуш керектигин айтам. Студенттер жашоонун жаңы этабына өтүп жаткандан кичине көнө албай кыйналышат. Өзгөчө айылдан келген студенттер орус тилин жакшы билбегенден кыйналат. Биз өзүбүздүн мамлекетибизде жүрөбүз өз тилибизде эркин сүйлөшүбүз керек. Антип корунуунун кажети жок. Тилекке каршы бизде орус тилинде сүйлөшүү, сабактар ушул тилде өтүүсү орун алган. Ушул нерселер кичине жаңы келген жаштардын кызыгуусун жоготуп, кыйынчылыктарга алып келет. Ар бирибиз өз укугубузду билишибиз керек өз тилибизде ээн-эркин кубануу менен сүйлөшүбүз керек.”
Университетти мектептен айырмалап турган негизги нерсе сенин дипломуң сенин көйгөйлөрүң. Мектептегидей болуп класс жетекчи, директор, завуч аркаңдан жүрүп тапшырманы аткарткандай жогорку окуу жайдын окутуучулары дипломго кантип жетериңе дээрлик кызыкпайт. Эч ким артыңыздан сынактан өтүү өтүнүчү менен чуркашпайт. Ал эми ата-энелерди деканатка чакырышпайт. Демек, сиз чоңоюп калдыңыз жоопкерчиликти мойнуңузга алыңыз.
Сабакка катышуу маанилүү. Лекцияларды өткөрүп жиберүү менен сиз мугалимдин «кара тизмесине» кирип каласыз. Экзамендерде болсо мугалимдер лекцияларынын конспектерин көрсөтүүнү талап кылышат. Ошентип сиз катышпай калган лекция, семинар, контролдук иштерди 99% иштеп чыгууга туура келет.
Сессияга кирүү үчүн эмне керек экенин билип алыңыз
Кээ бир сабактардан доклад, эссе, контролдук иш жазууга жол берилет. Ошондой эле сессияга кабыл алуу баллдык системада болсо, упайларды сентябрдан баштап чогултуш керек болот. Тишелүү балл албай калган болсоңуз сессияга кире албай каласыз.
Адабияттар менен өз алдынча иштөөгө даяр болуңуз
Эгер сиз университеттин максаты билим менен толтуруу деп ойлосоңуз, анда терең жаңылышасыз. Университеттин максаты – маалыматты өз алдынча кантип алууну үйрөтүү, өз алдынча билим алуу көндүмдөрүн берүү жана эң жакшысы илимий ой жүгүртүүңүздү калыптандыруу. Окуу куралы, лекциялар материалды түзүүгө жана аны иргеп алууга жардам берет, макалалардын жана монографиялардын арасынан материалдарды өз алдынча издөөгө түрткү берет.
Семинар, зачет, курстук иш жана башка тааныш эмес сөздөр эмне экенин билип алыңыз. Ооба 1-курста сизге тааныш эмес сөздөр толуп калат. Окуу жылдын башынан баштап буларды изилдеп, чече баштоо зарыл.
Окуунун жаңы ритмине даяр болуңуз.
40 мүнөттүк сабактар жана узак тыныгуулар өткөн нерсе. Эми сиз бир парада узак отурушуңуз керек, ал эми тыныгуу аудиториядан аудиторияга жетүүгө эле кетет. “Терезенин”(сабак жок учур) жакшы жактары бар: балким, графикте экинчи же үчүнчү парага келе турган күндөр болот. «Терезелерди» баалай билиңиз: кийинки параны күтүп, жөн эле отуруунун ордуна, китепканага же ашканага барыңыз.
Сессия качан башталаарын, «куйруктар» (жетишпей жаткан сабактардагы карыздар) кантип тапшырыларын, ошондой эле академиялык өргүү берүүнүн эрежелерин билип алыңыз. Мунун баарын декабрда эмес, мүмкүн болушунча тезирээк билип алганыңыз жакшы.
Сиз бойго жеткен экениңизди жана университеттеги окууңуздун жыйынтыгы үчүн жооптуу экениңизди түшүнүүгө аракет кылыңыз. Эсиңизде болсун, эч ким сенин артыңдан лекциялар жана семинарлар жөнүндө эскертүүлөр менен кубалабайт. Көз карандысыз болууга көнүңүз.
Жада калса кызыксыз лекциялардан да пайда алууну үйрөнүңүз. Бул үчүн угууну жана көңүл бурууну үйрөнүү керек. Ал жашоодо сизге жардам бере турган пайдалуу көндүмдөр.
Канспект кылууну үйрөнүңүз. Лекцияны сөзмө-сөз көчүрүп жазуунун кереги жок. Эң негизгисин бөлүп алыңыз. Өзүңүздүн аббревиатураларыңызды жана мээге түшүнүктүү шарттуу белгилерди иштеп чыгып, логикалык жактан структуралап алыңыз.
Үн жазгычты жана башка гаджеттерди акылдуулук менен колдонуңуз. Цивилизациянын жетишкендиктерине 100% таянба. Биринчиден, диктофондон лекцияны транскрипциялоо түйшүк. Элестетиңиз: сиз лекцияны ансыз деле угуп отурдуңуз, анан дагы ошол эле убакытты жаздырууга коротушуңуз керек! Бул акылга сыярлыкпы? Диктофонго жаздыруу угуучу адамдарга гана ылайыктуу (маалыматты кулак аркылуу эң жакшы кабыл алган адамдар). Экинчиден, диктофонду күйгүзүп коюп, өзү башка жакты ойлонуп оутрган студентттерди мугалимдер чындап эле жактырбайт.
Планшеттерге, ноутбуктарга жана нетбуктарга келсек, алар өзгөчө китепканада чоң жардам бере алат. Бирок калем менен жазуу мээдеги эс тутум процесстерин активдештирерин унутпаңыз. Кол менен жазылган жазууларды тапшырышы керек болгон мугалимдерден кабардар болуңуз.
Мугалимдер жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана алардын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу. Мугалимдердин аты-жөнүн жазып, эстеп алгыла. Аларды жүзүнтаанып алуу дагы маанилүү. Ар биринин кулк-мүнөзү жана адаттары жөнүндө билип алыңыз (буга жогорку курстагылар жардам беришет). Кайсы мугалим семинарларда, тесттерде, экзамендерде кандай талаптарга ээ экенин билип алыңыз.
Мугалимге суроо берүүдөн тартынбаңыз. Эгер бир нерсе түшүнүксүз болсо, тартынбаңыз. Мугалимдер активдүү окуучуларды жакшы көрүшөт. Бирок ашыкча болбоңуз, кызыгууну тууроо сиз үчүн соргучтун образын жаратат. Же андан да жаманы — келесоо соргучтун образы.
Семинарларга активдүү катышыңыз! Бул бааны «автоматтык» түрдө алуунун түз жолу. Жок эле дегенде, сессия алдында барын тапшыруу коркунучун азайтат.
Сиз аудиториянын алдында сүйлөгөндөн коркосузбу? Парадоксалдуу кеңеш: мүмкүн болушунча көп сүйлөңүз. Оратордук чеберчилик турмушта абдан пайдалуу болот (сессиядан өтүү оңой болоору турган иш).
Практикалык, лабораториялык, контролдук ишти өз убагында тапшыруу керек. Сейилдеп жүрүп, куйруктарды чогултпаңыз. Акыры аларды тапшырууңуз керек. Сессиянын алдында карыздардын үймөгү менен күрөшкөндөн көрө, муну убагында жасоо жеңил.
Курстук ишти жана студенттин өз алдынча ишин жазууну мүмкүн болушунча эрте баштаңыз.
Заказ кылынган же жүктөлгөн ишти тапшыраардан мурун, аны окуп чыгыңыз!
Группалаштарыңыз бекерчи же жалкоо болсо, аларга карабаңыз. Сиз биринчи сессияда учуп кете турган 20% жалкоолордун арасында болгуңуз келбейт да, туурабы?
Айгерим Кубатбекова