2023-жылдын 11-мартында Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндөгү Маданият үйүндө профориентация болуп өттү. Профориентацияга 9-10-11-класстардан 5 мектептин окуучулары катышты.
Аталган иш-чара «Суусамыр өнүктүрүү» фонду тарабынан уюштурулуп, колдоого алынган.
Профориентациянын максаты боюнча иш-чаранын уюштуруучусу, Сапарбек Мырзакматов атындагы мектептин 2020-жылкы бүтүрүүчүсү, учурда Кыргыз-Түрк-Манас университетинин 2-курсунда окуп жаткан Каныкей Амантаева бул иш-чара кандай максат менен уюшулгандыгы туурасында айтып берди:
«Бул профориентациянын максаты болуп, албетте, өсүп келе жаткан ини-сиңдилерибизге жардам берүү, аларга туура багыт көрсөтүү болуп саналат. Иш-чарада Кыргыз Республикасындагы белгилүү, мыкты университеттер тууралуу маалыматтар, кандай документтер керек, ЖРТ тапшыруу жолдору боюнча Бишкек шаарынан келген спикерлер маалымат беришти. Өрөөндөү окуучулар дагы башкалар сыяктуу келечекте туура кесип тандап, сүйгөн кесиби менен иштешине биз шарт түзүп, багыт көрсөтүүбүз зарыл. Аларга колдон келишинче кеңеш берип, керек учурда жардам берүүгө даярбыз.»
Каныкей Амантаева жана Жанбулат Жумабеков
Иш-чаранын уюштуруучуларынын дагы бири Жанбулат Жумабеков абитуренттерге кеңештери менен бөлүштү:
«Силер кыска убакытка эле абитурент болосуңар, бирок ушул кыска убакыт силердин жашооңордогу маанилүү чечимди кабыл алган учуруңар болот, ошондуктан эч кайда шашпай ар бир кадамыңарды ойлонуп жана жоопкерчилик менен чечим кабыл алгыла. Ушул убакта өзүңөрдүн аракетиңерди эч аябагыла, эс алганга убакыт жетет. Силер өзүнөр каалаган окуу жайга өтүп алган соң эс алгыла, ошондо жарашат. Максаттарга жетмейинче талбай эмгектенип, бар күчүңөрдү жумшагыла демекчимин.»
Иш-чара соңунда баяндамачыларга «Суусамыр өнүктүрүү» фонду тарабынан даярдалган атайын сертификаттар тапшырылды.
Бегимай Шамирдинова, Акылай Шамирдинова