Өлкөдө ковид-19 илдети катталганга чейин аралыктан билим алуу деген түшүнүк болгон эмес. Качан гана оору башталып, бардык билим берүү мекемелери жабылып аралыктан окуу режимине өтүштү. Мына ушул аралыктан окуу канчалык кыйынчылык жаратып келгендиги тууралуу окуучулар жана студенттер өз ойлорун бөлүшүштү.
Кыргыз-Түрк Манас университетинин 1-курсунун студенти Назима Акишбекова өз оюу менен бөлүшүп өттү.
Кыргыз-Түрк Манас университетинин 1-курсунун студенти Назима Акишбекова.
«Пандемия бир гана студенттерге эле эмес жалпы жарандарга да өзүнүн оң дагы терс дагы таасирин тийгизди. Кээ бир адамдар жумушсуз калып максаттарына жете албай калышты. Ал эми кээ бирлери өздөрүн жакшы таанып жашоого болгон көз караштары өзгөрүп жаңыча жашоого кадам таштап жатышты. Студенттерге менин көз карашымча терс таасири көп болду. Анткени ковид илдетинин күчөгөн маалында аралыктан окуганга туура келди. Биз телефон ноутбук менен окуп жаттык. Бул биринчиден көзүбүзгө абдан зыян алып келет экен. Андан тышкары дагы темаларды тапшырмаларды өз алдынча иштөөдө кыйынчылык болуп жатты.
Себеби оффлайн окуганда ошол жерден бардыгын түшүнүп алуу оңой болот экен. Убакытты үнөмдөп туура пайдаланганга туура келет. Онлайн окуу убагында көптөгөн темалардан артта калып калат экенсиң. Пандемиядан кийинки абал студенттер үчүн кыйын эле болот. Анткени көптөгөн студенттер онлайн окуу убагында өздөрүнүн айылдарында болуп келишти. Кээ бири аймактарда интернеттин жоктугунан сабактан артта калышат. Ошондуктан, оффлайн окууга келгенде калган сабактарга жетишүүгө туура келет».
Ал эми пандемия убагында онлайн окуунун терс жактарын окуучулар да баса белгилеп айтып келишет.
Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин 8-классынын окуучусу Амантур Мырзабеков:
Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин 8-классынын окуучусу Амантур Мырзабеков.
«Аралыктан окуу бизге жаккан жок. Себеби мектепке барбай классташтарын менен көрүшпөй каласың. Пандемия шартында аралыктан окуганда кыйынчылыктар болду. Өз убагында сабактарга кире албай калабыз. Ошол себептен көп темалардан артта калып жатабыз. Бизге оффлайн эле окуган жакшы болот. Анткени телефондон окуганда кыйын темаларды өз алдынча түшүнбөй каласың. Мугалимдин көз алдында эле окуган абдан маанилүү экендигин сездик», -дейт окуучу.
Азиза Тамчиева.