Айылдык кеңештин 6-чакырылышынын 47-кезексиз отуруму болуп өттү. Отурумга 11 депутат катышты. Кезексиз отурум айыл өкмөтүнүн жана жер адисинин катышуусунда болуп өттү.
Отурумдун жүрүшү тууралуу жергиликтүү кеңештин төрагасы Нурдасан Кулматов төмөнкүлөрдү билдирди:
Жергиликтүү кеңештин төрагасы Нурдасан Кулматов.
Айылдык кеңештин кезексиз отурумунда май куйуучу жай жана бала бакчанын курулушу каралды.
Нурдасан Кулматов: «Талас районунун Талды-Булак айылынын тургуну К.Самак уулунун Ош-Бишкек жолунун 155-чакырымына май куйуучу жай куруу боюнча маалыматын угуу жана Суусамыр айылына бала бакчанын курулушу үчүн жер тилкелерин берген Абдыназаров жана Ногойбаев аттуу тургундарына Тунук айылынан жер тилкесин бөлүп берүү боюнча арыздарын карап чыгуу болду. Ушул маселелерди айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусу менен карадык. Айыл өкмөтү жана депутаттар менен кеңешип каралган маселелерди чечип берүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырма берилди. Биринчи маселе боюнча айыл тургунун маалыматын угуп, жергиликтүү кеңеш уруксат берүү чечимин чыгарды. Ал эми экинчи маселеде айыл тургундарынын арыздары каралды. Суусамыр айылынын эки тургуну жер тилкесин бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнө кайрылышкан».
Суусамыр айылынын эки тургунунун жер тилкесине бала бакча салынып жатат. Айыл тургундары балдардын келечеги үчүн өздөрүнүн жер тилкелерин бала бакча курууга беришкен. Ошол себептен Айыл өкмөтү тарабынан башка жерден жер тилкесин бөлүп берүү жагы жер адисине тапшырылды дейт жергиликтүү кеңештин төрагасы. Ушул эки маселе депутаттардын колдоосу менен каралып чечилди.
Эскерте кетсек, Суусамыр айылына айыл өкмөтү жана АРИСтин долбоору тарабынан бала бакча курулуп жатат. Бала бакча ушул жылдын аягына чейин курулушу аяктап колдонууга берилиши керек.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Азиза Тамчиева