Талас шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүү максатында 1998-жылдан бери эле коомдук жайлардагы имараттарга пандустарды коюу иши каралган. Бирок банктарга, соода түйүндөрүнө азыркы күнгө дейре мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлуу пандустар орнотулбагандыгы чоң көйгөй.
Талас шаарындагы көпчүлүк менчик соода түйүндөрүнө, банктарга пандустар коюлган эмес, бирок, коңгуроолор орнотулган. Шаар боюнча миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Мисалы, Талас шаарындагы “Капитал” банкта пандус да, коңгуроо да жок. Бул имаратка араба айдаган мүмкүнчүлүгү чектелген жаран кантип кирет бул суроо боюнча калат.
“Демир” банкта коңгуроо гана коюлган. “Бакай” банкта да пандус жок. Банктар эле эмес, эл аягы тыйылбаган ири соода түйүндөрүндө да пандус маселеси эске алынбаган эмес.
«Ал эми өлкө боюнча шайлоо участокторунун үчтөн бир бөлүгү гана пандус менен жабдылган, бул 83% шарт түзүлдү дегенге жатат. Ал эми Талас облусунда мындай көйгөй жок. Ал тургай шайлоо участокторунда атайын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн чакыруу кнопкалары орнотулган», -дейт Талас аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Таалайбек Сетеков.
Алыскы айылдарга автоунаалар каттабай калышы мүмкүн
Мира Сейдикеримова