Суусамыр айыл өкмөтүндө Жергиликтүү кеңештин 9-кезектүү отуруму болуп өттү. Отурумга катышкан депутаттардын саны 14 болду. Андан тышкары айыл өкмөт башчысы, мектеп жетекчилери, айыл башчылар жана мекеме жетекчилери катышышты.
Күн тартибиндеги каралган маселелер:
1.Суусамыр айыл аймагындагы мектептердин жетекчилеринин маалыматын угуу. 2021-2022- окуу жылдагы иштердин жыйынтыгы тууралуу.
2. Суусамыр айыл аймагындагы айыл башчыларынын маалыматын угуу.
3.”Достук” муниципиалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу маалыматын угуу. 2022-жылга иш планын бекитүү.
4.Жайыт комитетинин аткарган иштери. Жетекчинин жайыт жерлери боюнча маалыматын угуу.
5.Ар кандай маселелер.
Күн тартибиндеги каралган маселелер боюнча Жергиликтүү кеңештин төрайымы Назгул Тойгонбаева буларга токтолду:
“Биз отурумда көптөгөн маселелерди караганга аракет кылдык. Алгач эле мурунку отурумда берилген тапшырмалардын аткарылышы каралды. Андан кийин мектеп жетекчилеринин 2021-2022-окуу жылындагы маалыматтарын уктук. Суусамыр айыл аймагында 5 мектеп бар. Ошол мектептин жетекчилери ар бири өз маалыматтарын айтып беришти.
Андан тышкары дагы мугалимдердин жетишкендиктери жана окуучулардын окуудагы ийгиликтери туурасында маалымдалды. Мектептеги ар кандай көйгөйлөр дагы айтылды. Эң негизги маселе мектептерде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүү жагы каралды. Бул үчүн мектептердеги ашканалардын шарттары туурасында айтылды. Мектептердеги мугалимдердин жетишсиздиги дагы маселе жаратып жаткандыгы белгиленди. Депутаттар тарабынан суроолор берилип жоопторун алышты.
Кийинки кезекте Суусамыр айыл аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын аткарган иштери жана алдыдагы иш пландары менен тааныштык. Айыл башчылар ар бир айылдагы жасалган иштери жана алдыдагы иштери туурасында маалымат берип өтүштү. Ар бир айылдагы көйгөйлөр дагы көтөрүлүп, депутаттар тарабынан колдоо көрсөтүү максаты коюлду. Ал эми “Достук” ишканасынын жетекчисинин маалыматын угуп, тарифтик планын бекитип бердик. Бул ишкана айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн ишкана болуп эсептелет. Техникалар менен иш алып барат. Өлкөдөгү күйүүчү майдын кымбатташы менен биз дагы тарифтик планды кайра карап бекитип берүүдөбүз. Отурумда жайыт комитетинин төрагасынын жайыт жерлери боюнча дагы маалыматы угулду. Жайыт жерлерин туура пайдалануу туурасында маселелер көтөрүлдү.
Отурумда ар кандай маселелер депутаттар тарабынан айтылып каралды. Каралган маселелер туурасында тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди. Кийинки отурумда жыйынтыгын угабыз деген үмүттөмүн»,-дейт.
Азиза Тамчиева