Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында 2021-жылы коронавирус илдети менен жабыркагандардын саны 6 адам болду. Бул тууралуу айылдык оорукананын медайымы айтып берди.
Азыркы учурдагы Сovid-19 боюнча статистика:
Катталган учурлар-2,8%
Каза болгон учурлар-1,5%
Айыгып кеткен учурлар-97,3%
Т. Кулатов айылдык оорукананын улуу медайымы Минажат Сабырова азыркы абалды төмөнкүдөй айтты:
«Кулатов айыл өкмөтүнүн тургундары вакцинаны жакшы алгандыгы үчүн чоң адамдар ооруса, да жеңил өттү. Анализ боюнча 2 адамда оң натыйжа болду, алардын бири 14 жашка чейинки бала болсо, бирөө чоң киши. 2021-жылдын 9 айлык статистикасы боюнча 6 учур катталды.
Жаш балдар ичинде да пандемия жүрүп жатат, чоң адамдарга салыштырмалуу жаш балдардын оорусу татаал. Себеби, алар бир күндүн ичинде өзгөрүп турат. Ошондуктан ар бир ооруганды көзөмөлдөп, карап турабыз. Алыбыз жетпей калганда Ноокатка дарыланганы жиберебиз, ал жактан айыгып келишет. Өлүм учурлары катталган жок. Оор абалга өтүп кеткендер да катталган, бирок алар айыгып кетишкен.
Биздин район боюнча жаш балдар көп ооруп, бир күндө 117 адам катталып жатат.»
Айзирек Мурзабекова, Чынара Көчкөнбаева