Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 36 жаштагы тургуну Муса Күреңкеев 20 дан ашык төө багып келүүдө.
Төө — асыл жаныбар
— Бул төөлөрдү илгертеден бери эле атам багып келген. Атамдын көзү өтүп кеткенден кийин бизге калды. Ошондон бери тукумун үзбөй багып келе жатабыз. Учурда 20дан ашык төөлөрүбүз бар. Жеке меники эмес, жалпы бир туугандардыкы. Төөнүн артыкчылыгы кол карабайт, кышында тоют талап кылбайт. Карышкыр, ит-кушка алдырбайт дегендей. 2 жылда бир жолу төлдөйт. 12 ай курсагына көтөрүп 13 ай болгондо тууйт. Апрель, май айында күн жылыгында төлдөйт. Учурда төлдөп жатат. Өзү менен өзү десем болот. Сүтү дары, эти адал, күчү унаа болгон асыл жаныбар.
Дарылык касиетке ээ болгон төө сүтү
— Кечинде энесинен тайлагын бөлүп коюп, эртең менен сааганда 1 жарым литрге чейин сүт берет. Сүтү бир топ ооруларга дары экен. Алсак, боор ооруга, кант диабетине шыпаалыгы бар. Сүтү ичүүгө атайын Бишкектен бери келип ичип кетишет. Өткөндө, кант диабети менен ооруган бир эже келип ичип кетип «жакшы болуп, жеңилдеп калдым» деп айтты. Төөнүн сүтү адамдын иммунитетин аябай көтөрөт экен. Өзүбүз күбө болдук. Кызымдын иммунитети төмөн болуп, барбаган ооруканабыз калган эмес. Акыры 2 жылдай убакыт төөнүн сүтүн бердик. Жакшы болуп калды. Учурда дагы шаардан келип сүтүн ичип жатышат.
Жарым тоннадан ашык жүк көтөрөт
— Төөнү сатып жүрөбүз. Чоң төөлөр 100 миң сомдон ашык акчага сатылат. Союп, эт түрүндө дагы сатууга болот. Төө 300 килограммдан ашык эт берет. Азыркы тапта эттин базар баасы менен 400 сомдон сатсаң бери дегенде эле 120 миң сомдон ашат. Бир үй-бүлөнүн бюджетине кенен киреше түшөт. Мындан тышкары, төөнүн жүк көтөрүмдүүлүгү өтө жакшы. Агаларым жайкысын жайлоого көчүшөт. Жайлоого техника бара албайт. Эки төө менен көчүүгө туура келет. Бир төө 600 килограммдай жүк көтөрөт. Экөөнө биригип 1 жарым тоннадай жүк артып, көчүп алабыз.
Буура адамга кол салып, өлтүрүп коёт
— Төөнүн эркегин буура, ургаачысын инген деп коёт. Жаңы туулган баласын сүт бото, андан кийинкисин тай тайлак, кунан тайлак, жаңы асый, андан ары бир асый, эки асый деп санала берет.
Буура куутка кирген кезде чоочун адамдарга кол салат. Көзүнө эч нерсе илинбей «наркомандай» эле болуп калат экен. Өлтүрүп койгонго чейин барат. Тиштейт, тиштегенден дагы тебелеп салганы өтө чатак. Ат минип барсаң кубалайт. Атың жакшы чуркаса, күлүк болсо качып кутуласың. Болбосо чатак. Акырын сыр алдырбай, коркпой барып жетелегенге болот. Эгер, коркуп, сырыңды алдырып койсоң кол салат.
Ошентип атасынан калган төөлөрдүн тукумун үзбөй багып келе жаткан Муса Күреңкеев төөдөн сырткары уй, жылкы, кой багарын, трактор айдап эл кызматында эмгектенет. Андан сырткары, бир туугандары менен топоз багып, көбөйтүүнү максат кылып жатышкандарын кошумчалады.
Барчын Мамытбекова