Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешине шайлоодо жалпы жүз талапкер ат салышкан. Анын ичинен 31 депутатка мандат берилээри айтылды. Алардын 13ү аялдар. Депутат жергиликтүү кеңеште жана органдарында кандай укуктарга ээ? Төмөндөгү аудио сюжеттен уга аласыз.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары кеңеште жана анын органдарында кандай укуктарга ээ? — деген суроо менен Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү кеңештин депутатарынын төрагасы Абдуманап Тойчубаевге кайрылдык.

Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин билим деңгээли боюнча кандай талаптар бар?
«Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер жарандарынын билим деңгээлине эч кандай чектөө жок, болгону орто билими болушу керек».
Кулатов айыл аймагында жергиликтүү кеңешине талапкерлерге канча мандат берилди?
«Алтынчы чакырылышта 21 депутататка мандат берилген. Бул ирет жетинчи чакырылышта 31 мандат берилди. Себеби, жалпы калктын саны жана шайлоочулардын саны өскөндүгүнө, тактап айтканда 21 000 болгондугуна байланыштуу мандаттардын саны көбөйтүлдү».
Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына аялдарга берилүүчү 30% квота боюнча кандай өзгөрүүлөр болду?
«Алтынчы чакырылышта бир да жергиликтүү кеңешке аял депутат келбей калган. Добушу жетпей калган. Бирок 11-апрелдеги шайлоодо аял талапкерлердин саны да көп болду. Ошол эле учурда 13 аял талапкердин добушу жетип, депутаттыка мандат күтүп жатат. Аялдарга берилген квота аялдар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот. Себеби билимдүү, активдүү педагог, медициналык кызматкерлер да бар. Ушул чакырылышта келген жалпы депутаттар жакшы иштеп берет деп үмүтүбүз чоң.»
Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүн канчалык деңгээлде көзөмөлдөй алат?
«Айыл өкмөттүн бюджетин бекитет жана аткарылышын көзөмөлдөйт.»
Келген депутаттар кандай тартипте иш алып барышат?
«Иштөө регламенти сессияда бекитилип кабыл алынат. Туруктуу комиссияларга бөлүнөт. Мисалы, бизде беш туруктуу комиссияга бөлүнүп иш алып барылат. Алар: транспорт, курулуш, экономика, бюджет, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларга бөлүнүшүп, ар бири өзүнүн тармагы боюнча иштешет.»
Канча мөөнөттө сессия өтөт жана кандай тартипте?
«Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгүн төрага жана анын орун басары көзөмөлдөйт. Депутаттардын сессияга келип кетүүсү, ана сессия өтүү тартиби боюнча чек жок, маселе жаралган учурда сессияга өткөрүлө берет. Жөнөкөй жарандар депутаттардын ишин каалаган учурда байкоо салса болот. Мисалы сессияларда, отчёт алууга да укуктары бар».
Бул уктуруу Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонду тарабынан колдоого алынды. Мазмундагы ой пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Таңнуру Жалалова