Кенжебек Качкынбев Ат-Башы районунун тургуну. Ал көп жылдан бери мал чарбачылыгы менен алектенип, асыл тукум мал чарбасын жетектеп келет. Ал, бир жарым тоннага чейин эт берген абердин-ангус, күнүнө 20-22 литр …
Аралыктан окутуу көпчүлүк үчүн кыйынчылык жаратса, биздин бүгүнкү каарманыбыз Гүлсүнай Токтобаева бул убакытта көптөгөн ийгиликтерди жаратканын билдирди.
Азыркы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, Америкада эмгектенип жаткан жердештерибиз демилге көтөрүп, Ат-Башы районуна 4500 долларга дары-дармек алып берип жиберишкен. Ал дарылар социалдык жактан муктаждарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бекер берилет.
17-июлда Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында айыл өкмөтүн шайлоо болуп өттү. Шайлоого жергиликтүү депутаттардын бардыгы катышып, басымдуу бөлүгү Уланбек Осмоновго добуштарын беришкен.
Ат-Башы районунда жылына 3,5миллион кирпич чыгарган заводунун ачылуу аземи болуп өттү. Ат-Башы ири кирпич заводу 2016-жылы негизделип, Ак-Жар айыл өкмөтүнөн 5 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Анын бир жыл ичиндеги …
Эпидемиялогиялык курч абалга байланыштуу Ат-Башынын бардык айылдарында күндүзгү стационарлар даярдалууда.
Азыркы түзүлгөн кырдаалга карабастан Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды жолдоруна шагыл төгүлүп, түзөтүү иштери жүрүп жатат.
Медициналык кызматкерлердин күнүнө карата Ат-Башы районунун ак халатчандары грамоталар менен сыйланышты.
Быйыл 2020-жылы Ат-Башы районунун түптөлгөнүнө 90 жыл болот. Бул мааракени өткөрүү үчүн ар кандай долбоорлор ишке ашырылат.
Ат-башы районунда жаңы пресс-борбор ачылып, алгачкы пресс-конференция болуп өттү. Анда райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Токторбай Кадыракунов жана чумага каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Рахман Каримжанов COVID-19га байланыштуу суроолорго жооп беришти.
Ат-Башы районунун айыл өкмөт башчылары, райондук аградык өнүктүрүү бөлүмү жана фермерлер Чүй облусуна иш сапар менен барып келишти. Алар жергиликтүү ЖЧК «Дан агро продукты» заводуна барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып …
Ат-Башы районунда бир айдан бери «Муктаждарга төрт түлүк мал» акциясы жүрүп жатат. Акциянын негизинде колунда бар, жардам бергенге даяр адамдар муктаж үй-бүлөлөргө мал жандыгын жардам катары беришет. Бул акция эстафета …
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун бардык айылдарында дыйкандарга үрөндөрүн жеткирип берүү иштери жүрүүдө.
Ат-Башы районунун бардык айылдарында пенсия, пособие, айлык акыларды берүү өз айылдарынын ичинде гана уюштурулат. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Максат Кадыркулов билдирди.