8- апрелде Кыргызстан боюнча билим берүү мекемелери 4-чейректи аралыктан окуу менен баштайт. Тактап айтканда, бала бакчалардан тарта мектептин 11-классына чейин окуу программасына ылайык сабактар башталат.
Мен Гүлбарчын Мамытбекова Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айылдык мектепте 24 жылдан бери мугалим болуп иштейм. Өзүм иштеген чөйрөдөгү мугалимдердин эмгеги, түмөн түйшүгү, коомдогу ролу жана орду, “өкмөттүн” балдары деп жүрүп …
Окуучулардын предметтик олимпиадасына Ак-Талаа районунан жалпы 22 окуучу катышып, алардын ичинен 6 окуучу алдыңкы орундарды камсыз кылышты. Бул окуучулар мыкты даярдыгын эми республикалык олимпиадага катышат.Облустук олимпиадага Нарын облусундагы Ак-Талаа, Ат-Башы, …
А. Абдраимов атындагы орто мектебинде жаш балдарга болгон зомбулуктан коргоо жана зордук зомбулуксуз тарбиялоо боюнча тегерек стол өтүлдү.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде англис тили жумалыгы аяктады. Аталган жумалык КРнын билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругуна ылайык мектеп окуучуларынын англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу, билим сапатын …
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде окуучулар өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча сынакта күч сынашты. Бул сынак райондук өрткө каршы кызматы менен бирдикте уюштурулуп, окуучулар өрт өчүрүү, өрт жабдыктары, …
Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде окуучулар эки күн бою дублердук сабактарды өтүштү. Бул күндөрү бардык класстарда окуучулар алдын- ала берилген программалык темаларга изденүүчүлүк, чыгармачылык менен даярданышып, сабактарды жогорку денгээлде …
Акыркы үч жылга салыштырмалуу Ак-Талаа районунда билим берүү тармагында өзгөрүүлөр байкалууда. Райондун аймагындагы мектептерде окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, аң-сезимин, ой-жүгүртүүсүн өстүрүү максатында менталдык арифметиканы жайылтуу боюнча да иш-аракеттер жасалды.
Ак-Талаа районундагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары Каным Керимбекова, Жанбике Шерипбекова, Акбар Шерипбеков жана Ерхан Токтобеков борборубузда өткөн Президенттик балатыга катышып келишти.
Ш.Бейшеналиев атынданы орто мектебинде «Биз СПИДге каршыбыз» аттуу окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” карата “электрондук күндөлүк” системасы ишке киргизилет. Бул системанын жардамы менен окуучулардын ата-энелери балдарынын сабактагы жетишкендиктери, кемчиликтери, кайсы сабактан жетишпей …
Кулатов айыл өкмөтүндөгү Т.Айбашев атындагы орто мектептин башталгыч класс мугалимдери жана окуучулары «Билим үчүн азык жана балдардын туура тамактануусу» долбоорунун алкагында уюштурулган «Окурман автобус» иш-чарасын уюштурушту. Иш-чаранын өткөрүү үчүн атайын …
Баетов айылынын жаш балбан кызы Билимбек кызы Калмира Казакстандын Кустанай шаарында өткөн кыз-келиндер арасындагы эл-аралык мелдеште эркин күрөш боюнча 2-орунду багынтып, күмүш медалга татыды. Бул тууралуу балбан кыздын атасы Капарбек …
18-19-апрелде Тогуз-Торо районунда «Жыл мугалими 2015» конкурсунун райондук туру откорулду. Райондогу мектептерден 12 мугалим катышты.