Ак-Талаа районунда учурда билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлер санитардык кароо менен бирге коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп жатышат. Эмдөөдөн өткөн кызматкерлердин санитардык китепчесине ишке уруксат мөөрү басылат.
COVID-19 илдети жайылгандан бери билим берүү тармагында дагы маселелер жаралбай койгон жок. Былтыркы жылы пандемия шартына байланыштуу билим алуу аралыктан окутулуп, мектеп окуучулары үйдө олтуруп калышты. Быйылкы жылы окутуу кандай …
Ак-Талаа районунда көлмөлөрдүн жээгине «Сууга түшүүгө болбойт!» деген эскертүү такталары коюлууда.
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебин 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн атынан Тыныбек Дөөлөтбеков, Байыш Акматалиев жана Бактияр Мусаев 85 миң сом акча каражатын демөөрчүлүк кылып, мектеп администрациясына тапшырышты.
Ак-Талаа районунда быйылкы 2020-2021-окуу жылында 11-классты 453, ал эми 9-классты 623 бүтүрүүчү аяктап жатат. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат жана экзамендер болбойт. Ар бир мектептеги экзамендик комиссия жылдык баага …
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү кесип тандоого арналган ачык эшиктер күнүндө Азат Доулбеков жетектеген Сот мекемесинде болушту.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга кайтарымсыз негизде, гуманитардык жардам иретинде Кытай Эл Республикасынан коронавируска каршы вакцинанын 150 миң дозасы келген. Учурда өлкөдө вакцина алуу процедурасы жүрүүдө.
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата чакан иш- чара болуп өттү. Ага 5-6-7-класстын окуучулары катышты. Бул иш-чаранын уюштуруучусу мектептин китепканачысы Гүлшайыр Калпакова эсептелет. …
Кочкор районунун Төлөк айылынын «Соң-Көл» орто мектебинин окуучулары англис тили сабагынан онлайн курска катышып, ийгилик жарата алышты.
Чолок-Кайың айылынын Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде «Феникс» китебинин автору, ишкер Кылыч Исамамбетовдун демилгеси жана демөөрчүлүгү менен окуучулар ортосунда «Феникс» китеп сынагы өткөрүлдү. Сынакка катышкан окуучулар «Ойлоншоу» интеллектуалдык оюнунун негизинде …
Базар-Коргон районундагы мектептерде «Окуу керемет» долбоору тарабынан уюштурулган китеп күнү белгиленди.
Ак-Талаа районунда 1-класстан тарта 4-класска чейинки окуучуларды витаминдүү тамак-аш менен камсыз кылуу жана мектептердин айланасын көрктөндүрүү-жашылдандыруу максатында өткөн жылдан бери 12 орто мектепке жалпы 14 360 түп алма, 275 түп …
Ак-Талаа районундагы балдардын билим борборунда “Кыялга кадам” форумунун алкагында ийрим жетекчилеринин арасында “Жыл мугалим-2021” кароо-сынагы өткөрүлдү. Сынактын жобосуна ылайык мугалимдер өз ийримдери боюнча ачык сабактарды өтүштү жана көрсөтмө куралдарды сынакка …
Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде окуучулардын көптүгүнөн улам окуу класстары жетишпейт. Айылдагы 240 орундуу жалгыз мектепте учурда 650 окуучу билим алууда.
Кыргызстандагы орто мектептерде 4 жылдан бери билим берүү жана илим министрлигинин “Жашоого кошул” программасы иш алып барууда. Бул программа мектептеги дене тарбия сабагына бекитилген. Ар бир сабакта түрдүү көнүгүүлөр берилип, …
Базар-Коргон районундагы Могол, Кызыл-Үнкүр айыл аймагындагы демилгелүү жаштар долбоору тарабынан уюшулган челенджде катышуучулар Тимурлан Мелисбеков 1-орун, Аймээрим Саитжанова 2-орун, жана Гулифа Абдыкерим кызы 3-орунду алышкан.
Тогуз-Торо районунда өткөрүлгөн олимпиадада Тоту Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин окуучулары ийгиликке жетишти.
Нарын районуна карашту Куланак айылында А.Аралбаев мектебинин окуучуларынын китептерин толуктоо максатында флешмоб уюштурулду. Учурда алгачкы чогулган акчаларга китептер алынды.
Базар-Коргон районунда 24-25-февраль күндөрү район боюнча олимпиада адилетсиз өткөндүгүн окуучу Тимурлан Мелисбеков белгиледи.
Кечээтен бери өлкө боюнча окуучулар арасында республикалык олимпиаданын экинчи баскычы өтүп жаткан. Окуучулар 10 предмет боюнча күчтөрүн сынашып, электрондук дарек аркылуу келген тапшырмаларды аткарышкан. Кечээ жазуу иштери болсо, бүгүн оозеки …