Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Сары-Булуң

Ишкер айым учурдун талабына ылайык чапандарды тигип сатууда

Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылынын тургуну Гүлзат Шаршенбекова өз колу менен чапан тигет. 

Тогуз-Тородо бий сынагы өткөрүлдү

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда Нооруз майрамына арналган «Достук» бийин бийлейбиз аттуу айыл аймактар арасындагы сынак өттү.

«Нооруз улут сыймыгы» аталышындагы таймаш болуп өттү

№7 Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде Нооруз майрамына арналган «Нооруз улут  сыймыгы» аталышындагы 2-класстар арасында таймаш болуп  өттү.

Табылгыты айылында кино тасмалар элге тартууланды

Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылында адам укуктары боюнча кинофестиваль жүрүүдө. Фестивалдын негизги максаты элет жериндеги элдердин укуктук көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү.

Тогуз-Тородо адам укуктары жана эркиндиктери боюнча даректүү тасмалар көрсөтүлдү

Тогуз-Торо районуна караштуу №7 Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине келген көрөрман айыл тургундары жана мектеп окуучулары адам укуктарына байланыштуу болгон тасмаларга күбө болушту.

Тогуз-Тородо аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу боюнча иш-чаралар өтүүдө

Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында «Аялзат тагдыры, Ата-Журттун тагдыры» аттуу семинар болуп өттү. Негизги максаты, аялдарга болгон зордук-зомбулукту азайтуу болду.

Ак калпак күнүнө карата окуучулар көлөмдүү калпак жасашты

Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы № 7 Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 5-март Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди.

Сары -Булуң айыл аймагында туу жаңыланды

Сары-Булуң айыл аймагындагы мамлекеттик туу жаңыланды.

“Ата-Журт сенин коргооңо,атуулдук сүйүүңө муктаж экендигин унутпа”

Тогуз -Торо районунун Сары -Булуң айылындагы №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Ата-Журт сенин  коргооңо, атуулдук сүйүүңө муктаж экендигин унутпа” деген аталыштагы семинар болуп өттү.

Жаңы шайланган аким Учкун айылына келди

Бүгүн Нарын районуна караштуу Учкун айылына жаңы шайланган акими Семетей Черикбаев келип, айыл тургундары менен таанышып, айылдын көйгөйлүү  маселелерин угуп, убада берип кетти. Аталаган чогулушта эң маанилүүлү көйгөй болуп таза …

Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Кыргыз радиосунда маек курушту

Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун координатору жана кабарчылары Кыргыз радиосунда “Кутман таң” программасында маек курушту.

Казарман- Ак-Союл участкасына кар көчкү түштү

Тогуз- Торо районуна караштуу Казарман- Ак- Союл участкасына кар көчкү түшүп жол жабылды.

Ден соолугуна байланыштуу Саламат жардамга муктаж

Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылында жашаган Саламат Дайырбек кызы кичинесинен кабылган шал оорусунун себебинен баса албайт. Жетиштүү каражаты болсо, толугу менен басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.

Билимкана тестинин катышуучуларына сертификаттар тапшырылды

2018-жылдын 25-январында математика сабагы боюнча олимпиадага катышкан окуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Тогуз- Тородо муз үстүндө жарыш өттү

2018-жылдын 26-январында райондук деңгээлдеги мектеп аралык жарыш болуп өттү. Бул жарышка №7 Сатыбалдиев орто мектебинин окуучулары катышып жеңиш менен кайтышты.

Аскерге чейинки даярдык сабагын өтүү жакшырды

№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине Кара-Суу айылынын тургундары Адылбек Темирбек уулу жана Нурсултан Куттубековдун демөөрчүлүгү менен аскерге чейинки даярдык сабагына атайын баннерлерди жана колдонулуучу куралдарды белек …

Кара-Суу айылында так жана табигый сабактар бирикмеси болуп өттү

Тогуз-Торо районундагы Сатыбалдиев орто мектебинде так жана табигый сабактар  бирикмеси болуп өттү. Бул тууралуу окуу, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Миргүл Какаева билдирди.

Кара-Суу айылында окуучулар жол эрежесин үйрөнүштү

Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу айылында окуучуларга жол кыймыл эрежесин үйрөтүү максатында класстар аралык мелдеш өткөрүлдү.

Айылдын активистери Сары-Булуңдун тургундарынын ден соолугуна кам көрүүдө

Т.Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинде Тогуз-Торо району боюнча калк менен иштөөчү адис Айбек Жеңишов айыл активистери менен биргеликте тренинг өткөрдү.

Сары-Булуңда маалыматтык күркө ачылды

“Таза коом” долбоорунун алкагында Кара-Суу байланыш бөлүмүнө маалыматтык күркө коюлду. Иштөө үчүн сынак уюштурулуп, оператор тандалып алынды.

Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...