«Соң-Көл» орто мектебинин 6-7-8-9-класстарынын окуучуларына атайын Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Тунукбек Токтомушов келип жайытты туура пайдалануу боюнча сабак өттү.
«Тынчтык» корпусунун «Жаңы муун» долборунун алкагында, «Соң-Көл» орто мектебинен 10 окуучудан куралган «Келечек» командасы 6-7-класстар аралык «Акыл ордо» таймашын өткөрүштү.
Сары-Булак айылында көп жылдардан бери балык менен соода-сатык кылгандар бар. Алар чакан балык сатуу менен башташса, бүгүнкү күндө заман талабына ылайык чоң-чоң кафелерди да курушуп, көптөгөн кардарларды өздөрүнө тартып келишүүдө.
«Соң-Көл» орто мектебинин «Жаз-М» бийчилер тобу райондук бий сынагында 2-орунга ээ болушту.
Өлкөбүздө Covid-19 илдетин жуктуруп алгандар күн санап өсүүдө. Дарыгерлердин жардамы менен бир нечеси сакайып, үйлөрүнө аман-эсен кайтууда, анткен менен каза болгондор да бар. Ал эми Нарын облусунун Кочкор районун Төлөк …
Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосунда экинчи ирет “Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмеси уюштурган эки күндүк этно лагерь болуп, ага райондун бардык айылдарынан 70 окуучу жана студенттер катышты. Алгач саякат Тоголок Молдонун медрсеси …