Ак-Талаа районунда мугалимдер арасында кароо-сынак эки айлампа менен өтүп, ага жалпы 15 орто мектептин мугалимдери катышты. Ал эми финалдык турунда 5 мектептин мугалимдери үч тапшырма боюнча күч сынашты.
Өзүн тааныштыруу же саламдашуу тапшырмасынын мааниси сынактын темасына байланыштуу аткарылды. Анда Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинин “Кут” командасы өзгөчөлөнүп, Манас, Тайлак баатыр, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари өңдүү тарыхый инсандардын образын элестүү көрсөтүп беришти.

Ал эми М.Баетов атындагы орто мектебинин “Санжыра” командасы А.Чоробаевдин “Тайлак баатыр” поэмасынан 10 мүнөт көркөм окуп, күйөрмандарын кубантты.
Үркүн учурундагы элдин оор абалы, качкындар, зоокадан учуп өлгөн кыргыздар, мына ушунун баары А.Абдраимов мектебинин мугалимдери даярдап келген сахналык көрүнүштө көрүүчүлөргө тартууланды. Калыстар тобу ушул тапшырманы жеткире аткаргандыктарын, мыкты режиссерлук иштерин баса белгилешти.

Сынактын жүрүшүндө кемчиликтер да кездешип, айрым мугалимдер саламдашууда, жеке номерлерди аткарууда жоопкерчиликсиз мамиле жасашкандыгы белгилүу болду. Сынакта болгону 3 тапшырма болсо, анын экөөсүн Жеңишкүл Бактыбай кызы аткарып, Э.Карасартов мектебинин командасына алдынкы упайларды алып берди.

Жыйынтыгында Э.Карасартов мектеби-1, А.Абдраимов мектеби -2, ал эми М.Баетов мектеби 3-орундарды камсыз кылышып, акчалай байгелерге ээ болушту. Ошондой эле мугалимдердин кесиптик бирликтер уюмунун төрагасы ар бир командага 500 сомдон берди.
Даярдаган: Г.Мамытбекова