Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы экологиялык экономикалык мектеп лицейинде 47 мектептин ашпозчулары, окуу бөлүм башчылары жана мектепте кызмат өтөгөн медайымдарга семинар өткөрүлдү.
Семинардын максаты мектептерде ысык тамак берүүнүн сапатын жогорулатуу менен бирге, болочоктун ээси болгон окуучулардын дени сак болуусун камсыздап кам көрүү.
Сейнебубу Абыканова
Дени сак улут, дени сак мамлекетти түзөт эмеспи, андыктан окуучулардын карды ток болуу менен бирге окууга болгон кызыгууларын арттыруу максатында жеринен айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана ата – энелердин колдоосун алуу менен бирге кызматташуу, натыйжалуу болоору айтылды.
Ошо менен бирге мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген 7 сомду карабастан, демөөрчүлөрдү издөө менен бирге, долбоорлорго катышуу.
Семинардын жүрүшүндө Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сейнебубу Абыканова ашпозчуларга, өз милдеттерин так, даана аткаруу менен биргеликте, өз иштеринде жоопкерчиликтүү болуп, ар бир окуучуга жылуу мамиле жасоону, кырдаалга карата мектептин ашканасында санитардык нормаларды сактоону, жумалык тамактардын менюлары түзүлүп, мектеп директору тарабынан бекитилип илинүүсүн, идиш аяктарга көз салып, чети кетик идиштерди колдонбоо керектигин маалымдады.
Ошо менен бирге окуу бөлүм башчылары ашпочулар менен биргеликте бракираждык журналдарды өз убагында жоопкерчилик менен толтуруу зарыл экенин түшүндүрүп өттү. Окуучуларга ысык тамак берүүдө кошумча ата- энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ата — энелердин колдоосу менен окуучуларга кошумча ысык тамак берилип, жыйынтыгы ата-энелерге ачык айкын,, вотсап группада иштин жүрүүсү боюнча маалыматтар берилүүсү боюнча Зууракан Кайназарова атындагы мектебинин окуу бөлүм башчысы маалымат берди.
Ал эми Сокулук 2 орто мектеби ата-энелер менен тыгыз иш алып барышып, окуучуларга лимон менен чай, шиповник чайы берилип келүүдө. Жыйынтыктар, ведомосттор тиркелип, ата-энелерге маалымат берилип келээрин окуу бөлүм башчысы айта кетти
Ашканадагы эмеректерди кантип жана кандай жол менен бракирлоо керектиги боюнча слайддан материал көрсөтүлүп, кенен маалымат берилди.
Медайымдар мектептерде иш алып баруусу да, окуучулардын дени сак болуусуна чоң өбөлгө түзөөрү маалымдалды.
Семинардын аягында катышуучулардын суроолоруна Сейнебубу Абыканова жооп берип, тушундуруу иштерин жүргүздү.
Айлык аз дебестен, окуучуларды ысык тамак менен камсыздап, тикеден тик туруп талыкпай эмгектенген ашпозчулар, окуу бөлүм башчылары Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн ыраазычылык каты менен сыйланышты.
Нурзат Качкынбаева Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектебинин ашпозчусу:
“Биз бүгүнкү семинарда ашкана эмеректерин кантип бракирлөө керектиги жөнүндө кенен маалымат ала алдык. Суроолорубузга толук кандуу жоопторду алдык. Бизге ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сейнебубу Абыкановага чоң ыраазычылык билдирем”.
Сыйдалиева Нургүл Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин ашпозчусу:
“Биз 2021-жылы чоң иш — чара өткөрөлү деп пландадык эле. Бирок тилекке каршы пандемияга байланыштуу өткөрө алган жокпуз. Бүгүнкү семинарда биздин ак эмгегибиз бааланып, ыраазычылык кат менен сыйландык. Бул үчүн билим берүү бөлүмүнө терең ыраазычылык билдирем”.
Айдай Джолчубекова, Нуржан Усонкулова