Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында, Баткендеги тажик-кыргыз чек арасындагы окуядан улам жаңжал чыгып кете жаздады. Түн ичинде 30 га жакын жаштар топтошуп алып, этникалык кыргыздар жашаган үйлөргө таш ыргытып жүрүшкөн. Милиция кызматкерлери тез арада ыкчамдык менен чара көргөндүктөн, эч ким жабыр тарткан жок.
Окуя түнкү саат 24-30 чамасында болгон. Ыргытылган таштар үйдүн чатырын, терезенин айнектерин сындырган. Андан тышкары, короодо токтоп турган унаага дагы таш ыргытып айнектерин талкалашкан.



Ыргытылган таштар терезелерди сындырып кеткен. Учурда Жаңы-Жер айылында абал туруктуу. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Айыл өкмөтүндөгү жыйындан кийин жаштар арасында дагы ДНД уюштурулуп, ар бир көчөнүн жашоочуларынын коопсуздугу каралууда.

Сүрөттө; өз ыктыяры менен түнкү күзөткө чыгышкан Рахимбек Арзыбеков жана Мавлан Жээнбеков.
Ыктыярчылардын айтуусунда: «Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери айылдагы абалды тынчтыкта сактоо максатында, ар бир көчөгө 10 дон ыктыярчы жаштарды бөлүштүргөн. Өзүбүздүн унаалар менен бөлүнүп берилген көчөнүн баш аягына чейин карап, таң атканча көзөмөл кылуудабыз. Биздин айылда көп улутту элдер жашайт. Айылдын ынтымагы, биримдиги биз үчүн маанилүү. Айыл жаштарын кызуу кандуулукка алдырбай, чыр чатактан алыс болсо дейбиз»,- дешет.
Жаңы-Жер айыл аймагына таджикистандан көчүп келген этникалык кыргыздар көп отурукташкан. Көчүп келгендердин дээрлик көпчүлүгү дыйканчылык менен оокат кылууда.
Жаңы-Жер элинен Лейлектеги мекендештерге жардам жеткирилди
Турсун Омуралиева