Адатта, жайлоого чыккан балдардын 90-95% бала бакчаларга барышкан эмес. Алардын көпчүлүгү үчүн окуу, жазуу, сүрөт тартуу, калем кармоо, саноо, баарлашуу сыяктуу көндүмдөргө “Жайлоо өнүгүү борборлорунда” үйрөнүү мүмкүн болууда.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду демилгелеген “Жайлоо өнүгүү борборлору” өлкөнүн тоолуу райондорунда өз ишин башташты. Жалпысынан өлкө боюнча 100 жайлоо өнүгүү борборлору ачылууда.
Жайлоо Өнүгүү Борборлорунун максаты – тоо шартында жашаган балдарга сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү жана аларды ар тараптуу өнүктүрүү. Жайлоо өнүгүү борборлору өнүктүрүүчүлүк, багыт берүүчүлүк жана шыктандыруучулук максатты көздөйт. Биздин максат-ар бир баланын шартына, ден соолугуна, жайгашкан жерине жана жынысына карабастан өнүгүү кызматтарына бирдей камтылышын камсыз кылуу.
9 жылдан бери “Жайлоо өнүгүү борборлору” жайында эки ай бою иш алып барат. Бала бакчаларда окуудан тышкары балдар үчүн улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу, астрономия, бий өнөрү, шахмат, оригами, каллиграфия, куурчак театрлары, спорттук оюндар, медициналык кароолор, интерактивдүү оюндар жана башка мастер-класстар өткөрүлөт.
Өнүгүү борборунда аралаш топтогу балдар болот, ошондуктан, алардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша иш пландар түзүлүп, окутуу-тарбиялоо иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары жайлоодогу мектеп курагындагы 15 жашка чейинки балдар да келишет. Өнүгүү борборлору балдар менен гана иштебестен, ата-энелер менен да тыгыз иштерди алып барууда. Сегиз жылдын ичинде Республика боюнча 6000 ден ашуун ата-энелерге ар кандай тренингдер жана мастер-класстар өткөзүлдү. Алар үчүн: “Балдарды тарбиялоодо атанын ролу”, “Экология”, “Туура тамактануу”, “Үй-бүлөлүк бюджетти туура пландаштыруу”, “Дене тарбияга көңүл бөлүү”, “Шахмат”, “Ден соолукка кам көрүү”, “Ветеринария” жана “Гигиена” сыяктуу мастер класстар жана ар кандай концерттик программалар өтүлүүдө.
Балдарды кенже куракта өнүктүрүү “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунунун ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Балдардын мектепке чейинки даярдыгы Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү стратегиялык багыттардын бири. 2018-2040-жылдар аралыгындагы Улуттук өнүгүү стратегиясында балдардын наристе курактарында өнүктүрүүнүн заманбап талаптарга жооп бериши керектиги белгиленген.
Шахматчы Адамовалар чет өлкөдөгү мелдештерден мекенчил сезими ойгонуп келишет
Логопед: Бала телефон менен эмес, оюнчук менен ойношу керек
Айгерим Кубатбекова