Быйылкы жыл бардык нерсенин баркын билген жыл болду. Кээ бир адамдарга жакшы таасир калтырса, кээ бирлерине жаман таасир калтырганын билдиришет айыл тургундары.
Тасма айылынын тургуну Завира Атантаева:
«Жалпысынан жыл оор өттү. Анткени көп адамдар оорушту, катуу ооруган адамдар да болду. Больницага барып жатып келишти. Айылдан да укол алып жатышты. 2020- жылдын таасири бул- көп адамдар пневнания болду. Элдер бири-бирине колдон келишинче жардам беришти. Демөөрчүлөр, мигрант балдар, укол, капельница, аппараттарды алып келип берип жатты . Ушул жыл жаккан жок, элдин көбү ооруду, коркунучка учурады, стресске кабылдык. Жакшы жактарынын бири кээ бир адамдар оорудан коркпостон тойлорду өткөрүштү»,- дейт билдирүүсүндө.
Аталган айылдын тургуну Чынар Жумаева:
«Быйыл жалпысынан жыл орточо деңгээлде өттү. Мен үчүн кээ бир адамдарга жаман, кээ бирине жакшы болду деп ойлойм. Себеби, быйыл карантин болуп көп эле адамдар үйүндө үй тиричилиги менен алек болду. Көпчүлүк убактыбызды үй- бүлөбүз менен өткөрдүк. Карантиндин жакшы да жаман да жактары болду. Мисалы, эшике чыккан жокпуз. Жыл жалпысынан бардык нерсени баркын билген жыл болду».
Гүлкайыр Такырбашова айыл тургуну:
«Мен үчүн жыл жаман өттү. Себеби адамдардын көпчүлүгү ооруп үйүлөрүндө эле болушту. Көп адамдар каза болушту. Жакын адамдарынан айрылышты. Депрессияга түшкөндөр да жок эмес. Балдар дагы телефон менен окуп, көздөрү бузулду. Онлайн окутканда, ата-энелерге дагы, мугалимдерге дагы кыйын болду».
Аяна Жайлобаева, Баян Жайлобаева