“Ыйык Ата Журт Кызыл-Кыя” Коомдук жаштар фонду, жана «Адеп башаты» диний уюму тарабынан уюштурулган мугалимдер үчүн семинар жана ооз ачыруу иш-чарасы болуп өттү.
Семинарда конокто Куштарбек Кимсанов болуп заманбап мугалим жаатында өзүнүн кеңештерин айтып өттү. Жалпысынан бул иш-чарага 600 мугалим катышты.
Семинарда балдарга билим берүү тармагындагы заманбап мугалим жана билим берүү багытындагы кесипкөйлүк тууралуу кеп болду. Бул иш- чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри да катышты.
Иш чаранын катышуучусу Т.Айбашев атындагы орто мектептин мугалими Бурул Арыкова: «Бүгүнкү Иш чара жогорку деңгээлде өттү. Мугалимдер үчүн өткөрүлгөн семинар, китеп жарманкеси мага аябай жакты. «Ыйык Ата-Журт» коомдук жаштар фондуна жана «Адеп башаты» уюмуна, жалпы уюштуруучуларга жалпы мугалимдердин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары да ушундай Иш чаралар болуп туруусун каалайбыз.»
Чынара Көчкөнбаева