Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Баглан айылынын 2 га жер аянтына 220 даана арча, 10 даана каштан жана башка жүздөн ашуун ар түрдүү дарактардын көчөттөрү отургузулду.
Иш-чара Президент С.Жапаровдун Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнү ишке ашыруу максатында өткөрүлдү. Жогорудагы жер аянтына Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын эс алуу багын куруу долбоору каралды.


Кулатов айыл өкмөтүнүн орун басары Сапар Бойдонов
«Иш-чараны баштоонун алдында сөз сүйлөгөн аким Д.Иманалиев «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү район боюнча бардык айыл өкмөттөрүндө улантыла тургандыгын белгилеп, аталган өнөктүккө активдүү катышууга чакырды.
Иш-чарага Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, райондогу мекеме-ишканалардын жана банк тармагынын жетекчилери катышты».


Бак-дарактарды олтургузуп жаткан учур

Ишке катышып жаткан айыл эли
Чынара Көчкөнбаева