Жаз мезгили башталып айлана-чөйрөнү тазалоо иштери айыл тургундарында жана мугалимдерде жүргүзүлүп жатат. Таштанды экологияга гана эмес адам баласынын ден-соолугуна да чоң таасирин тийгизет. Мугалимдер ар ишембиликте тазалоо иштерин жүргүзүшөт. Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.

Т.Айбашеа атындагы орто мектептин мугалимдери айлана чөйрөнү тазалап жаткан учур


Т. Айбашев атындагы орто мектептин тарбиялык завучу Бурул Арыкова
Т. Айбашев атындагы орто мектептин тарбия завучу Бурул Арыкова:
«Биздин мектепте ар ишемби күнү тазалоо иштери жүргүзүлөт. Айлана-чөйрөнү тазалоо максатында, таштандылардан арылуу максатында 3 айлык ишембиликти колго алганбыз. Март, апрель май айларына чейин жүргүзүлөт. Мугалимдер өздөрүнө бөлүнгөн кааналарды тазалап, тазалоо иштерин жүргүзүшөт. Ишембиликти өткөрүүнүн бирден-бир максаты айлана чөйрөнү жашылдандыруу, мектептерге жаз алдында гүлдөрү олтургузуу. Окуучулар таза жерде билим алуусу болуп саналат. Бат-баттан тазалоого аракет жасайбыз себеби таза эмес болгон жерде кичинекей окуучуларыбыз билим алса ден-соолугуна терс таасирин тийгизет. Мектептин ичин гана эмес, мектептин сыртындагы көчөлөрдү да тазалайбыз.»

Таштанды
Чынара Көчкөнбаева