Барскоон айылынын тургуну Кубан Мамбетовго “Айылдын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Салтанаттуу иш чара Барскоон айыл аймагынын маданият үйүндө Жусуп Абдрахманов, Кусейин Карасаев жана Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата уюуштурулган «Залкарлардын үнү» аттуу райондук семинар менен коштолду.
Иш чаранын жүрүшүндө Барскоон айылынын тургуну Кубан Мамбетовдун кол жазмасына таандык, үч залкарга арналган театралдаштырылган драмадан үзүндү тартууланды. Уюуштурулган иш чаранын негизги максаты келечек муунга улуулардын насаатын калтыруу, жаштарга тарбия, үлгү берүү. Алардын басып өткөн жолун, адеп-ахлап, руханий байлыктарын жайылтуу.
Семинарга келген коноктор алгач Барскоон айылдык маданият үйүнүн китепканасы менен таанышып чыгышты. Андан соң залкарларга арналган чакан драмадан үзүндү көрүп, концерттик программага күбө болушту. Жети-Өгүз райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жыпар Туйбаева Барскоон айыл аймагында уюуштурулган иш чара жогорку деңгээлде даярдалгандыгын билдирди. Залкарларга арналып жазылган театралдаштырылган драмадан үзүндү ушул айылдын тургуну Кубан Мамбетовдун калемине таандык экени бизди абдан сүйүндүрдү дейт маданият бөлүмүнүн башчысы.
«Бүгүнкү Барскоон айылында өткөн семинар жогорку деңгээлде даярдалыптыр. Шайыр апалар даярдаган концерттик программасы дагы абдан жакшы. Эң негизгиси үч залкарга арналган чакан драмадан үзүндү мыкты жазылган. Ал үчүн Кубан Мамбетовго ыраазычылык билдирем. Себеби, залкарлардын басып өткөн жолун, алардын жасаган эмгектерин так көрсөтүп жазып чыккан. Мындан тышкары иш чаранын жүрүшүндө Кубан Мамбетовго Барскоон айылынын «Ардактуу атуулу» деген наам берилди».
Кусейин Карасаев менен замандаш болуп калган Кубан Мамбетов Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата роман жазып чыкты. Ал китеп жакынкы арада басылып чыгып элге тартууланганы турат. Мындан тышкары Кусейин Карасаев жана Касым Тыныстанов боюнча иликтөөлөрү бар. Келечекте 3 китеп бир мааниде «Залкарлардын үнү» деген аталышта чыгаарын жазуучу Кубан Мамбетов билдирди. Автор кырк жылдан ашуун чыгармачылык менен алектенип келет. Анын калемине таандык 11 китеп жарык көргөн.
«Залкарлардын үнү» атуу райондук иш чаранын аты да бекеринен коюлбаган. Себеби иш чарада коюлган театралдаштырылган үзүндү дагы Кубан Мамбетовго таандык.
«Улуу үч залкардын чыгармачылыгы, жашап өткөн доору, эл журтка сиңирген эмгеги жөнүндө менин толук маалыматым бар. 30 жылдан бери ушул 3 залкарды иликтеп келе жатам. Кусейин Карасаев менен көп жолу жолугушуп маектештим. Ал киши менен замандаш да болуп калдым. Анын өз оозунан уккандыктанбы бул сценарийди жазуу мен үчүн оорчулук деле жараткан жок. Эң жогору бааланган китебим «Кандуу көтөрүлүш 1916» деген эки томдуу китебим болду. Быйыл залкарлардын 120 жылдыгы болгондугуна байланыштуу, аларга арнап чакан драмалык үзүндү жазып өзүбүздүн айылдын маданият кызматкерлерине алып келип бердим. Алар жогорку деңгээлде аткарышты. Мени чыгармачыл киши катары айылым, элим, журтум таанып, эмгегимди баалап «Айылдын ардактуу атуулу» деген наамды тапшырышты. Мен буга абдан ыраазымын. Айылга эмгек сиңирип наамга жетиш деген чоң нерсе», — дейт жазуучу.
Залкарлардын 120 жылдыгына өз салымын кошуп келген Кубан Мамбетовго жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттар бир добуштан колдоп «Айылдын ардактуу атуулу» деген наамды беришкен. Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Арсар Бектурова жазуучунун айыл үчүн жасаган эмгектери зор дейт.
«Биздин бүгүнкү иш чарабызга эле эмес, башка иш чараларга да катышып келет. Айылдын өнүгүп өсүүсүнө, жаштардын билим алуусуна абдан зор салымын кошуп келет. Менин оюмча атуулдук наамга татыктуу. Ар бир жазган чыгармалары абдан маанилүү. Кубан Мамбетов чыгармачылык менен эле алектенип келбестен КТРКда кабарчы болуп да эмгектенип келген. Мындан тышкары Ыссык-Көл облустук телерадио компаниясында кабарчы болуп иштеди. Эң негизгиси Жети-Өгүз районунда биринчилерден болуп радиону ачкан. Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин «Ардактуу профессору» наамынын ээси. Учурда Бирназар Бийдин 300 жылдыгына карата «Бирназар бий» деген китеби жарык көрүп элге таркатылып жатат».
Гүлкайыр Осмоналиева