Бүгүнкү күндө дээрлик бардык курактагы адамдар интернетти колдонушат. Ал эми аны коопсуз пайдалануунун билүү эмне үчүн зарыл, кантип интернет айдыңында өз коопсуздугубузду камсыздай алабыз? Медиа эксперт Алмаз Исманов жооп берет.
Интернетти коопсуз пайдалануу эмне үчүн маанилүү?
— Интернет деген бул көчөдөй ал жерде жүргөндө жөө жүргүнчү болобу, унаа башкаруучусубу эрежени билиш керек болгондой эле, интернет колдонуучулар үчүн дагы эрежелер бар.
Өзгөчө ата-энелер буга көңүл буруш керек. Ал эми социалдык медиалардын (инстаграм, фейсбук, тик-ток) эрежелери боюнча балдар ал жерлерге 13 жаштап баштап, ата-энесинин уруксаты менен катталышы мүмкүн. Анда ата-энелер электрондук кат аркылуу уруксат беришип, ошол жаш курактагы балага ылайыктуу гана нерселер көрсөтүлөт. Өз алдынча болсо 18 жаштан баштап катталып, колдоно алат. Бизде болсо көп учурда тилекке каршы андай болбойт. Балдар жашын өзгөртүп көрсөтүп колдоно беришет. Коомдук жайларда жүргөндө дагы көп көрөбүз баланы алаксытуу үчүн анын жаш курагын эске албай туруп ага ата-энеси телефон берип коет. Алар ойлошот эң негизгиси жанымда, коопсуз отурат деп. Ал эми ошол иштернетте отуруп эле канча деген зыяндарды алып жатат. Интернеттин зыян жактарын айтып баштасак ооба бул ушундай жаман нерсе ага тыю салыш керек деп башаташат. Жок, бул андай эмес. Пайдалуу нерсени деле чектен ашып, күн сайын пайдалана берүү бир күнү зыян алып келерин эстешибиз керек.
Интернетте баланы кандай коркунучка туш келүүсү мүмкүн?
— Социалдык медиада адамдар өз аты менен эмес аттарын ал тургай жашын өзгөртүп кириши мүмкүн. Ошол эле учурда алар кандай максатты көздөйт биз билбейбиз. Ал эми жаш балдарда филтир жок манипуляцияга(адамдардын эмоцияларына, сезимдерине, ой жүгүртүүсүнө тийгизген таасирине жараша башкаруунун жолу), турдүү буллинге (коркунуч, куугунтук) кабылышы мүмкүн. Алар бир нерсеге бат ишенгендиктен ар кандай жолдорго кетип калышы мүмкүн. Ошол эле тыю салынган уюмдар, провокацияга алып барчу сүрөт, видеолорду көрүп шок болушу мүмкүн. Интернеттин дагы бир жаман жагы чыныгы жашоодо сага жаман сөз айткан адамды көрүп баалай аласың ал эми интернетте болсо ал ким, аялбы, эркекпи, жашы канчада экенин билбейсиң.
Мындан улам өспүрүмдө депрессияга кабылуу, коркуу, ата-энесинен жашыруу сыяктуу нерселер ал тургай суицидге дагы жол ачышы мүмкүн.
Дагы бир жагдай өспүрүмдөр жеке маалыматтарды интернетке билбей жүктөп салышат. Бул жакта жүктөлгөн сүрөттү ким кайсы жерге кандай максатта колдонорун эч ким кепилдик бере албайт. Тилекке каршы бизде санарип коопсуздук туурасында сөз кылсак көп маани беришпейт.
Интернетти коопсуз колдоонунун негизги эрежелери кайсылар?
Эң негизгиси татаал сыр сөз. Татаал деп айтканда жөн гана узун сөз эмес, баш тамга, кичине тамга, символдор, сандар болушу зарыл. Ушундай жакшы сыр сөз таап алып аны баардык жерге колдонуу дагы туура эмес. Үйдө деле мошининанын, гараждын, складдын, сарайдын ачкычы түрдүү болгондой кайсы социалдык медиага кирбегиле анын ачкычы, сыр сөзү бөлөк болушу керек.
Ошондой эле аккаунт ачып жатканда телефон номерге байлабаш керек. Кандайдыр бир себептер менен номер иштебей калса ошол социалдык медиага кирүү мүмкүнчүлүгүңүз жоголот.
Ата-энелер кантип балдарын интернетти туура пайдаланууну үйрөтүшү керек?
— Балага көңүл буруп телефон менен өткөргөн убактысын көзөмөлдөө зарыл. Телефон аркылуу сабагын окуп жатат деп эле жайын койбостон мынча саат телефон менен аткар, андан соң телефон жок эшикке ойноп келүү, телефон жок сүрөт тартуу сыяктуу убактылары болуш керек. Ушул жерден дагы жөн гана интернетсиз, телефонсуз калтырып койбой алар менен бирге чоогуу үй жумуштарын кылуу, кино көрүү же ойноо керек. Интернетте деле көптөгөн сонун мүмкүнчүлуктөр бар. Аларды пайдалануу зарыл.
Ата-энелер үчүн бул материалдарды дагы окууну сунуштайбыз:
Балага утуу, жеңишке жетүү сезимдерин топтогонго жардам бериш керек
Ата-эне болууга даярдануу тобокелчиликтерди азайтат
Ымыркайдын тамагына бир жашка чейин туз жана шекер кошпоо керек
Дарыгер: Ымыркайдын жынысы аялдан көз каранды болбойт
Айгерим Кубатбекова