Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Суусамыр айыл аймагынын кире бериши жасалгаланды

Суусамыр айылынын кире бериш жерине айылдын аты жазылган арка коюлду. Бул арканы Суусамыр орто мектебин жыйырма жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлѳр тарабынан коюшту. Азыркы учурда арка орнотулуп бүтүп айыл тургундарына …

28 Май 2018 жыл 16:14

Бүтүрүүчүлөр мектеп менен коштошту

Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде 25-май  “Акыркы коңгуроо” майрамы болуп өттү.  Быйылкы 11-классынын бүтүрүүчүлөрү абдан толкундануу менен бирге салтанаттуу майрамды жогорку деӊгээлде ѳткѳрүштү. 

28 Май 2018 жыл 16:02

Жергиликтүү бюджет тууралуу түз эфирде маек угулду

28-майда Суусамыр FM жамааттык радиосунун түз эфиринде «Демократия сааты» уктуруусунун алкагында «Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы» тууралуу маек курулду. 

28 Май 2018 жыл 15:52

Айыл эли долбоордун пайдасын көрүүдө

Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу жана Ставропол айылдарында сугат иштерине даярдык көрүлө баштады. Өнүгүү саясаты институтунун (ИПР)долбооруна катышып, утуп алган “Беларус” үлгүсүндөгү атайын трактор иштей баштады.

28 Май 2018 жыл 13:31

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук негиздери

23- майда Бакай-Ата айыл аймагынын тургундары жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунда түз эфирди угушту. 

27 Май 2018 жыл 23:39

Ар бир класс өз кол өнөрчүлүгүн көрсөтүүгө даярданып жатышат

Тогуз-Торо районундагы Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин окуучулары 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата сынакка катышууга даярдык жүрүп жатат.

27 Май 2018 жыл 15:15

Окуучулар жылдыздар жөнүндө баянга күбө болушту

Кызыл- Туу айылынын жаштары кызыктуу жолугушуунун кγбөсү болушту. Аларга айыл тургуну Калипа апа жылдыздар тууралуу уламыштарды айтып берди.

26 Май 2018 жыл 9:49

«Акыркы коңгуроо» аземи Сумбулада

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи майрамдалды. Бүтүрүүчүлөр концерт коюп, 1-классынын окуучулары аларды узатып, ыр дестелерин тартуулашты.

25 Май 2018 жыл 19:13

Жергиликтүү Кеңештин милдеттери, укуктары түз эфирде талкууланды.

Сары-Булуң айыл  мультимедиа борборунун түз эфиринде жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте маек өткөрүлдү.

25 Май 2018 жыл 19:10

Окуу жылы аяктады

25-майда мекенибиздин бардык мектептеринде Акыркы коңгуроо майрамы болуп өттү. Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде дагы бул күнгө арналган салтанаттуу майрам болуп өттү.

25 Май 2018 жыл 15:57

Аксакалдар сотунун жана аксакалдар кеӊешинин ишмердүүлүгү талкууланды

Барскоон айылынын аксакалдар сотунун жана аксакалдар кеӊеши жөнүндө жергиликтүү тургундар билишеби, ушул эле аксакалдар сотунун жана аксакалдар кеӊешинин айылдын өнүгүүсүнө кошкон салымдарын билүүгө кызыгышабы деген ой жаралгандыктан алардын ишмердүүлүгү, укуктары …

23 Май 2018 жыл 18:47

Дыйкандар иш үстүндө

Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы дыйкандардын көбү кызылча сээп, азыркы убакта биринчи отоосун бүтүштү, кээ бирлери отоп жаткан убак.

22 Май 2018 жыл 20:35

Райондук мугалимдер сынагынан Суусамырлык мугалим 2-орун алды

Жайыл районунда ѳтүлгѳн “Жыл мугалими”сынагынан Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Бакаева Асель Садыбакасовна  2-орун алды. Бул сынак Жайыл районундагы бардык мектептердин арасында ѳттү.

22 Май 2018 жыл 17:45

Сүлүктүдө отличник окуучулардын слетунун 10 жылдыгы белгиленүүдө

Сүлүктү шаардык маданият сарайында Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган отличниктердин слетунун 10- жылдык юбилейи өтүп жатат. Слётко Сүлүктү шаары боюнча бардык мектеп, гимназия жана лицейлерден окуудагы эң мыкты …

22 Май 2018 жыл 15:13

Тогуз-Торо районунда суу жээктерин бекемдөө иши жүрүп жатат

Райондун Сары-Булуң айыл аймагы аркылуу агып өткөн Нарын дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, айдоо аянттарын алып кетип жаткандыктан 70 метр аралык суу жээгин таш менен тосуу иш- чарасына баш аягы 6 …

22 Май 2018 жыл 11:45

Таласта энелер күнүндө 13 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Талас облустук Мамбетов атындагы ооруканада 6 ымыркай 3 кыз 3 уул төрөлгөн. 

22 Май 2018 жыл 10:24

Спорттук мелдештин облустук этабы Бакай-Ата районунда өткөрүлүп жатат

«Дени сак улут- өнүгүп жаткан өлкө» урааны астындагы спорттук мелдеши Бакай- Ата районунда өтүүдө. Бул тууралуу аталган райондук администрация тарабынан билдиришти. 

22 Май 2018 жыл 10:24

Кайрымдуулук кечеге айыл тургундары катышып келишти

  Ушул жылдын 19-май күнү Нарын шаарында Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган кайрымдуулук кече болуп өттү. Ал кечеде жардамга муктаж өспүрүм балдарга жардам көрсөтүлдү. Бул кайрымдуулук кечесине Кызыл-Жылдыз айылынын …

21 Май 2018 жыл 23:25

Акыл Ордо интеллектуалдык долбоору Суусамырда болуп өттү

19-майда кѳптѳн күткѳн « Акыл Ордо» интеллектуалдык долбоору Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде болуп ѳттү. Сынак 5 мектепте окуучулар  арасында эң мыктысы тандалып, супер финалга жолдомо алышкан.

21 Май 2018 жыл 18:35

Сүлүктүдө «Энелер мектеби» программасы жыйынтыкталды

Сүлүктү шаарындагы мектептерде 2017 -2018- окуу жылына карата түзүлгөн Энелер мектеби жыйынтыкталды. Энелер мектеби программасы Кыргыз Республикасынын эмгек Сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун илимий эксперименттик тажрыйбаларынын негизинде иштелип чыккан «Ата-энелер сиздер …

21 Май 2018 жыл 18:10

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...