Бүгүн Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебиндеги Акыркы коңгуроо салтанатына мектепти 1995-1996-окуу жылында бүтүп кеткендер да катышты. Өз сөздөрүндө окуп кеткен мектебине, билим-тарбия берген мугалимдерине ыраазычылык билдиришти.

Мындан 20 жыл мурда мектептин уясынан учкан окуучулар учурда ар кыл кесиптин ээси болуп, турмуштан ордун таап, эл жерине кызмат кылып жаткан инсандар. Бул жолу аталган бүтүрүүчүлөр райондун тарыхында биринчи жолу мектепке жеңил автоунаанын ачкычын мектеп директору Ч. Рысбаевага тапшырышты.


“Сиздердин бардык маселеңер мага тааныш. Окуучуларды ар кандай иш чараларга алып барууда дайыма маселе жаралат. Мына ошондой учурларда сиздердин керекке жарасын деп ушул автоунааны белекке тапшырып жатабыз», — деди Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы аким С.Черикбаев.
Белгилей кетсек район башчысы аталган мектептин бүтүрүүчүсү.
Даярдаган: Г. Мамытбекова