Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат өзгөчө маанай менен башталды. Мектеп директору Ч. Рысбаеванын расмий сөзүнөн кийин 20 жана 10 жыл мурда бүтүп кеткен ага-эжелердин атынан Коңгуроо добушу жаңырды.
Келген коноктордун коштоосу менен Ак-Талаа районун акими С.Черикбаев жана жубайы-классташы С.Кайыпназарова, 10 жылдык бүтүрүүчүлөрдөн Р.Абдиев, М.Турсуниязова ардактуу милдетти аткарууга алышты. 20 жыл мурда жаңырган коңгуроо үнүнөн кийин классташтарга музыканын коштоосунда салт болуп калган “Мектеп вальсы” жаңырды.
Даярдаган: Г. Мамытбекова