Ак-Талаа районунда кышка карата бюджеттик мекемелерге көмүр тартуу иштери башталып, бүгүнкү күнгө 45 пайызды түздү.
Райондук администрациясынын башчысы аким Сейтек Кулубаевдин маалыматына караганда Кызыл-Белестен башка дээрлик бардык айыл өкмөттөргө көмүр отуну “Турук” кенинен тартылууда. Бюджеттик мекемелер менен бирге унаа айдоочулар кызмат көрсөтүү акысына элге дагы көмүр түшүрүп жатышат.
«Райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан техникадан, «Турук Майнинг» фирмасы күйүүчү майдан жардам берип, «Турук» көмүр кесимине баруучу жолдун айрым участкаларына ондоо иштери жүрдү. Элди кышка карата көмүр менен толук камсыз кылуу максатында райондо атайын штаб түзүлүп, графикке ылайык комиссия мүчөлөрү көмүр кесимине барып, тартуу иштерин көзөмөлдөп жатышат».
Райондогу бюджеттик мекемелерди камсыз кылуу сентябрдын аягында бүткөрүлүп, ал эми элге тартуу иши октябрдан башталары пландалууда. Аба ырайында чукул өзгөрүү болбой жана техникалар бузулуп калбай иштеп турса, октябрь айынан баштап, элге тартылат.
Акталаада окуучулар үчүн ийримдер аралыктан иштеп жатышат
Барчын Мамытбекова