Ноокат районунун Байыш айылында таза суу жетишсиз. Айыл тургундары таза суу менен камсыз болууну каалашат.
Айылда таза суунун жетишсиздигинен улам жашоочулар кыйналганын айтууда. Анткени сууну алыстан ташып, же арыктардан ичүү эл үчүн кыйын. Суу чыкчу чорголор бузулуп, айланасын чөп басып кеткен.

Айыл тургуну Динара Жусупова чорголордон мурун таза суу чыгып турганын айтат.

Айылга жакын арада эле атайын компаниялар тарабынан суу чорголору орнотулуп, эл таза суу менен камсыз болгон. А бирок көп өтпөй эле ал кранттар бузулуп, эл кайрадан эле таза суусуз калган.

Байыш айылынын дагы бир жашоочусу Гүлайым Кубатова, айыл башчы жана өкмөт элдин ушул көйгөйүн чечип берсе болмок дейт.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн