Ноокат районунун Жапар Нышанов орто мектебиндеги таланты таш жарган Эрболсун Баратали уулу жаштайынан тартып өзү ырларды жазып ырдайт.
Үй-бүлөдө төрт бир тууган. Балдардын үчүнчүсү, 2 агасы, 1 иниси бар. Нышанов мектебинде 10 жылдан бери окуп келе жатат. Бул акындык жана ырчылык өнөр менен 8-классынан бери алектенет.

Классташы Чынара Айтибай кызы Эрболсундун ырларын дайым сүйүп угабыз дейт.
«Сагындым», «Сүйөм сени түбөлүк», «Заманбап», «Өкүнүч» жана башка ырлардын автору жана аткаруучусу. Ырлардын тексти өз жан дүйнөсүнөн жаралган.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн