Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы маданият үйүнүн алдында ачык асман алдындагы көчө китепканасы ачылды.
Баетов айылындагы маданият үйүнүнүн алдында 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын тил күнүнө карата ачык асман алдындагы көчө китепканасы ачылды. «Тун-Ук» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары барып, көчө китепканасы жөнүндө китепканачы Зоя Молдакунова менен маек куруп келди.
Бул ачык асман алдындагы көчө китепкананын максаты кандай?
— Негизги максаты — китеп окубаган жаштарды ушул жол менен китепке тартуу. Китеп менен өскөн бала кийин өзүнүн жолун таап, келечекте бир мыкты инсандардан болуп чыгат. Кыргыз элине жакшы кызмат кылган жана китеп көп окуган бала эч кимге кор болбойт, тарбиясы жакшы болот, жана баардыгы идеалдуу болот. Ошон үчүн ачык асман алдындагы китепкананы уюштуруп атабыз.
Бул иш-чара кечээ ачылыптыр, андан бери канча окурман келди?
— Кечээтен бери 100гө жакын окурманды тейледик. Себеби 23-сентябрь тил майрамына карата ачык асман астында “ТИЛ” деген темада адабий кече өткөрдүк. Кечкге дагы көп окурмандар келди.
Ачык асманда китеп окуу идеясы каяктан келди?
— Чоң-чоң шаарларда, Ошто көрүп атабызда парктарда уюштуруп атышат да. Анан бизде ачык асман алдындагы китепкананы паркта уюштуралы десек, ал чет жакта жайгаштыгына байланыштуу өзүбүздүн эле маданият үйүнүн алдына уюштуруп атабыз. Биздин айланабыз эң ыңгайлуу. Мисалы:арчалар, гүлдөр отурузулган.
Бул иш-чараны мурдатан бери өтүп жүрдүңүздөр беле же азыр эле уюштуруп жатасыздарбы?
— Эми мурдатан бери көп эле иш-чараларды өткөрүп келгенбиз. Ачык асман алдындагы китепкананы жаңы эле баштадык. Муну жөн эле калтырбастан, мисалы мектептердин, балдар бакчаларынын аянтчаларына ачык асман алдындагы китепкана уюштуруу пландарда бар.
Ачык асман алдында окурмандар кандай мазмундагы китептерди окуй алышат?
— Ачык асман алдындагы китепканадан окурмандарыбыз кыргыз тилиндеги ар кайсы мазмундагы китептерди окуй алышат. ”Агахан” фондусунан былтыр 50 миңге жакын жаңы жомоктор китептерин алганбыз, орус тилиндеги жомоктор, ар түрдүү энциклопедиялар, адабий-көркөм чыгармаларды жана газета, журналдарды окуй алышат.

Окурмандарга кеңешиңиз?
— Окурмандарга кеңешим — келип окугула, китеп окусаңар көптү билесиңер, көп нерсеге үйрөнөсүңөр, келечегиңер кең болот, китепкана менен байланышта болгула.
Даярдаган: Тажиева Аима
Редактору: Касмалиева А
Сынак үчүн