Көп тарттың го ашказандын азабын, Бүгүн сага Баткен күрүч басайын.
Отко тосуп, эт жүрөгүң бооруңду, Күндө бизди тойгузасың казаным.
Оргушталып кайнайт менде далай сыр, Оо казаным, жакшы күнгө жарай жүр.
Күндө үч маал сени менен алышып, Бууга айланып учуп кетти далай ыр
Деп жазган жаш акын кыз Бактыгүл Сексенбекова бала кезинен эле поэзияга кызыгуусу күч болгон.
Каарманыбыз кандайча ыр жазып калгандыгы тууралуу айтып берди: “Таланттын баары абадан, суудан, тоодон, табияттан дейт эмеспи, менин да ыр жазып калышыма Үгүт айылы, айылымдын боз топурагы себепчи. Мен 3-классымдан тарта ыр жазып баштагам. Буга кыргыз тил адабият мугалимим Нурдөөлөтова Амангүл эже түрткү болгон. Дегеле, келечекке болгон арыштарыма Муса Баетов атындагы орто мектебинин мугалимдеринин эмгеги десем жаңылышпайм». Бактыгүл мектепти бүткөн соң, Кыргыз-Түрк Манас университетинин түркология бөлүмүн аяктаган. Азыркы учурда Кусейин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинде социалдык педагогика бөлүмүндө магистратурада окуйт. Студент кезинде ыр жазып, университеттеги ар кандай сынактарга катышып байгелүү орундарды ээлеп келген. Ал эми ырлары гезит беттеринде жана “Ала-Тоо” журналында жарыяланып, “Саамалык-12” ыр-жыйнактарына кирген.


Бактыгүлдүн айтымында поэзия жаатына жакын болуусу атасы тараптан берилсе керек деп ойлойт, себеби атасы жакшы ырдайт жана жамакташтырып сүйлөйт.

“Адашкан карек” аңгемесин кара сөз жанрындагы биринчи дебютум деп эсептеген каарманыбызды үй-бүлөсүндө чыгармачылыгын кайнэнеси колдоп келет. Адамдын жан дүйнөсү тынч алмайынча ыр жарата албайт экенсиң деген Бактыгүл учурда Көлдүн келини, 2 кыздын сүйүктүү энеси. Жолдошу укук коргоо тармагында эмгектенет.


Мен үчүн үй-бүлө ар дайым биринчи орунда турат, ал эми чыгармачылык менин ичимде жашаган, жан-дүйнөмдөгү бар нерсе, аны ичимде багып, кастарлап, үй-бүлөм менен айкалыштырып кетсем болот деп ойлогон жаш акын кыз келечекте ырларын китепче кылып чыгарууну максат кылат.

Барксыз ырларым
Эргитип абасы көл кылаасынын,
Ээрчитип махабат ылаачынын.
Сен деген ыр кадырын сезбесең да,
Мен деген сезимиңе ыраазымын.
Акылдын ааламынан сууруп чыгып,
Жүрөктүн жүлүнүнөн жулуп чыгып.
Арналган ыр кадырын сезбесең да,
Арбалып сүйөм сени бийик кылып.
Баракка баа жетпеген байлык сунуп,
Бир сага ыр арнадым уйкаш куруп.
Барктабай далай ырым өчүрсөң да,
Баары бир сүйө берем сезим тунук.
Кымбат деп сага канча ыр арнадым,
Кадырын билген сөздү угалбадым.
Кап этпей ошенсең да сүйө берем,
Мени катуу сүйөөрүңдү билем жаным.
Баа албаган ырларым сүйбөсөң да,
Бактыгүлдү сүйөөрүңдү билем жаным.
Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан