Жерге-Тал айылындагы Май-Булактын батыш тарабындагы жайлоого өтчү жолго жайыт комитети тарабынан жана демөөрчүлөр менен биргелешип шагыл төгүлдү.

Жаандын суусу алып кеткен жолду сүздүрүү иши

Жолго шагыл төгүлдү

Анткени, жаандан улам тоодон түшкөн суу жолду жеп, абалы начарлап кеткен.
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Гулмайрам Учугенованын маалыматына караганда жайыт комитетинин техникасы менен 1км жол сүздүрүлүп, шагыл төгүлүп, оңдолду. Жолду оңдоо иштерине жайыт комитетинен каражат бөлүнгөн. Ошондой эле жергиликтүү жашоочулар да демөөрчүлүк кылышкан.
Наргиза Ырысбекова