Алишер Кадыркулов 4 жылдан бери Кыргызстанда кулпунай бизнесин жайылтып келет. 10 жыл миграцияда эмгектенген ишкер, топтогон каражатын Кыргызстанда ишкерликке багыттаган. Бизге берген маегинде ал ишкерлик, той-аш тууралуу ой бөлүштү.

Сүрөттө солдон биринчи: Алишер Кадыркулов Европа өлкөлөрүндө кулпунай чарбаларын кыдыруу учуру
— 10 жыл миграцияда жүрүп, Кыргызстанга кайтып, кулпунай өстүрүүнү баштаган экенсиз. Эмне себептен кулпунайды тандадыңыз?
— Албетте, мен дагы көпчүлүк сыяктуу өлкөбүздөгү экономикалык каатчылыктан улам Орусияга барып калдым. Орусиянын 7 шаарында эмгектенип, ал жактан акчабызды топтоп, Кыргызстанга келип ишкерликке салдым. Алгач, күнөсканада помидор өстүрдүк. Бирок, андан ийгиликтүү боло албагандан кийин, кулпунайды изилдеп чыктым. Ошондон кийин жакшы сорттогу кулпунайларды Европадан алып келгенде кирешелүү болду. Азыр бир туугандарды дагы Орусиядан чакырып, бирге иштеп жатабыз.
— Кулпунай бизнеси канчалык кирешелүү?
— Биздин Кыргызстанда мурдатан өстүрүлүп келген кулпунайларды эске алганда көпчүлүккө пайдасы жоктой сезилиши мүмкүн. Бирок, албетте ишти кылып жатканда жакшы сортту тандап, аны полиэтилен алдына отургузуп жана ага суу берүүнүн тамчылатма системасын колдонгондо кирешелүү тармак экени талашсыз.

Алишер Кадыркуловдун күнөсканасындагы кулпунайлар
— Миграциядан кайтып келгенден кийин канча киреше менен баштадыңыз жана 4 жыл аралыгында өз кирешеңизди кандай баалайсыз?
— Помидор менен иш баштаганда 30 миң доллардан ашык акча салып баштап алганбыз. Анын басымдуу бөлүгү күнөскана курууга кеткен. Андан тышкары жер сатып алганбыз. Миграцияда 10 жыл иштеп тапкан каражатымдын бардыгын Кыргызстанга алып келип салгам. Андан банкрот болуп, акча чыгара албай калганда кулпунайга акчам жок, бир жакшы таанышымдан карыз алып баштагам. Алгачкы жылы 5 сотых жерге кулпунай тигип, жакшы жыйынтык көргөн соң көбөйттүм. Азыр 2 гектар жерде кулпунай бар. Буюрса, апрелде дагы 2 гектар кошолу деп жатабыз. Бир гектардан 10-15 тоннага чейин түшүм алууга болот. Эгер эрте бышкан кулпунайларды сата турган болсо килограммын 400-500 сомдон сатууга болот. Ал эми июндан октябрдын аягына чейин 150-250 сом тегерегинде болот. Бир жылда ар бир килограммынан орто эсеп менен 300 сомдон пайда табабыз.
— Көптөгөн адамдар өз ишин баштоо тууралуу ойлонот. Бирок, баштай албайт. Сизге эмне түрткү берген?
— Биз 2015-жылы баштап калдык. Ага чейин биз деле ошондой ойлор менен жүргөнбүз. 2015-жылга чейин 3 той өткөрдүк. Анын ичинде өзүм үйлөндүм, карындаштарым турмушка чыкты. Негизи, өзүмдүн жан-дүйнөмдө өзгөрүүгө болгон каалоо күч эле. Ойчулдардын китептерин окуп, видеолорун көрүп жашоо деңгээлимди өзгөрткүм келчү эле. Ошол 2015-жылы рамаатылык ишкер Табалды Эгембердиевдин интервьюсу мага чоң түрткү болду.

Кадыркулов: кулпунай өстүрүүдө жакшы сорт жана туура кам көрүү керек
— Интервьюларыңызда той-ашка кеткен каражат тууралуу көп айтасыз. Бул коом үчүн канчалык маанилүү?
— 10 жыл мигрант болуп иштеп, көпчүлүк мекендештер өңдүү биз деле акчабызды топтой албай кыйналдык. Кыргыз эли той-ашка жакын болгондуктан же болбосо “эл көрсүн” деген ой менен аш-той бергендиктен көптөгөн каражатыбызды коротуп коебуз. Кыргызстандыктар акыркы убакта акчабыз болсо эле той берип, тойго барып же болбосо заңгыратып эки кабат үй салып калды. Албетте, эгер Кыргызстанда жашап, иштеп ошондой деңгээлге жетип жатса абдан жакшы. Бирок, мигранттар тапкан акчасын бул нерселерге коротуп жатканы өкүндүрөт. 2-3 кабат үй ордуна 1 кабат эле үй салып, топтогон акчасын кирешелүү бир ишкерликке жумшаса миграциядан кайтып келип, үй-бүлөсү менен болуп, балдарын өздөрү тарбиялайт эле.
Касиет Кубанычбек кызы