Таарыныч сезими дээрлик бардыгыбызга тааныш. Көп учурда адамдар бирөөгө таарынып же кимдир бирөөнү таарынтып алышат. Бул сезим эмнеси менен жакшы жана эмнеге жаман. Мындай учурда өзүн кантип туура алып жүрүш керек? Психолог, гештальт-терапевт Жаныл Жаманкулова айтып берет.

-Таарыныч өз ичине көп жана татаал сезимдерди камтыйт. Аларга коркуу, алсыздык, таң калуу, ачуулануу, адилетсиздик, кемсинтүү жана башкалар кирет. Бул сезимдер биздин күтүүлөрүбүз орундалбай калган учурда пайда болот. Биз жакын, өзүбүзгө маанилүү адамдарга гана таарынабыз. Бул сезим биздин кичине кезибизден баштап өнүгүп отурат. Таарынчтын кыйратуучу мамилени бузуучу таасири бар экенин билебиз. Бирок, таарыныч кандай гана оору болбосун жөндөн жөн эле пайда боло бербегендей себеби жок болбойт. Ал бизге кандайдыр маанилүү нерсени айтуу максатында чыгат. Таарыныч биз өзүбүздү жакшылап таанууга жол берет. Эң ириде бизге кандай учурда ыңгайлуу кайсы учурда жок, ким менен өзүбүздү коопсуз сезебиз дагы ким менен коопсуз, эмнени жактырабыз дагы кайсыга чыдай албайбыз ушуларды биле алабыз. Демек таарыныч сезими аркылуу өзүбүздү тааный алабыз.

-Кээ бир адамдар үчүн өзүндөгү таарынычтарды жеткире билүү оор. Алар узак убакытка чейин бул негативдүү сезим менен жашап жүрө берет. Биз баарыбыз таарынабыз. Бул нормалдуу көрүнүш. Таарыныч аркылуу биз өз чек арабызды белгилеп, акырында эмне сезип жатабыз, кайсыга укугубуз бар жана ичибизде эмне болуп жатканын биле алабыз. Эң негизгиси өз жашообузду таарыныч менен уулап жашай бербестен элдеше билүүбүз зарыл. Элдешүүнүн эң негизги элементи болуп -сүйлөшүү, кечирим суроо жана кечире билүү эсептелинет.

— Таарыныч бул бир багыттуу ачык жооп берүүгө мүмкүн болбогон нерсе. Ар бир адам түрдүү болгондой эле таарынычты дагы ар кандай сезет, өзүнөн өткөрөт. Бул качандыр бир мезгилде, убагында билдире албай калган кичинекей ачуулануу десек болот. Ал сезим убагында чыкпай калган дагы биздин ичибизде таарыныч түрүндө калып калган. Таарынычтын түрү анын уңгусуна (пайдал болуусуна) байланыштуу болот.
Таарыныч болгондо эмне кылуу керек?
1. Эң алгач ал белгилүү болуусу зарыл (Таарынып жатканыңызды ичиңизге катуунун кереги жок)
2. Бул учурда эмне сезип жатканыңызды айтып бериңиз
3. Кимге таарынып жатсаңыз түз ошого айтыңыз (сизди таарынтып жаткан адамга айтыңыз башкаларга барып алып ушинтти, андай кылды, мындай кылды деген туура эмес)
Таарыныч көп учурда бизди таарынтып жаткан адамда эмес, маселе өзүбүздө болуп жатканда жаралат. Маселен, биздин кимдир бирөөдөн кандайдыр бир күтүүлөрүбүз болот ал аткарылбай калганда биз ачууланып баштайбыз ушинтип, таарыныч пайда болот. Бул биздин убагында өз сезимдерибиз туурасында жеткире албагандыгыбыздан келип чыгат. Өзгөчө биздин менталитетте буга жол берүү жеңил.

Кээде манипулация кылуу үчүн дагы сизге таарынышы мүмкүн. Айрым учурда майда-чүйдө нерселерге таарынып жатса ойлонуп көрүңүз. Өзүнүн туура эмес экенин мойнуна ала албаган учурда жоопкерчиликти ала албаганда сизге таарынып макул кылууну көздөгөн учурлар болот.
Психолог: Жашоодо кабыл алуу, түшүнүү, кечирүү маанилүү
Генетик: Ар бир үй-бүлө курарадан мурда эки адам тең медициналык кароодон өтүүсү зарыл
Балаңызга жакшы адаттарды калыптандыргыңыз келсе тарбия дөңгөлөгүн колдонуп көрүңүз
Айгерим Кубатбекова