Кыргыздын лидер аялдары илгертен эле жаратмандык күчкө ээ. Алар өлкөнүн кайсы тармагында болбосун өнүгүүгө салмактуу салымдарын кошуп келе жатышат. Тарыхка карай турган болсок өз учурунда Курманжан датка баштаган Күлүйпа Кондучалова, Чолпон Баекова, Ишенгүл Болжурова, Роза Отунбаева өңдүү лидер аялдар билимдүүлүгү, акылмандыгы, интеллектуалдык жогорку парасаты менен кыргыз коомчулугуна таанымал.

Гүлбарчын Самибаева
Ал эми азыркы тапта жергиликтүү деңгээлде саясатка аралашып, иш билгилиги, жөндөмдүлүүгү, лидерлиги менен айылдык кеңештин депутаттык мандатына ээ болгон айымдар дагы жок эмес. Эгер мындан беш жыл мурда айылдык кеңештерде депутат айымдардын көрсөткүчү 10% гана болсо, азыр 38% түзөт. Бүгүнкү күндө алардын өз орду бар жана жергиликтүү маселелерди чечүүдө ролу чоң.
Гүлбарчын Самибаева-Ак-Талаа районундагы айылдык кенештин төрайымы болгон жалгыз аял. Ал үчүн Кош-Дөбө айылдык кеңешиндеги 10 депутаттын ишенимине жана колдоосуна татыктуу болуп, төрайымдык ишти аткарып келет. Калыпка салынган көз караш, мамилелерди бузуп өтүүнүн өзү чоң жетишкендик. Гүлбарчын Самибаеванын айтымында саясатта аялдардын болушу-маанилүү.
“Эгер үй-бүлөнү өлкөнүн ичиндеги кичине бир макети катары карасак деле үй-бүлөдө аял-эркектин өзүнүн орду бар. Демек ошол сыяктуу эле коомдо дагы аял-эркектин айылдын келечеги, өнүгүшү үчүн кызматташканы пайда алып келет”,- деди.
Кыргызстанда аялдардын саясаттагы ордун жакшыртууга мамлекет тарабынан иштер жасалып жатат, бирок эл аралык уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын жана алардын түзүмдөрүнүн иштери кошумча жардам болот. “Аялдарды колдоо борборунун” жетекчиси Бакен Досалиеванын маалыматына таянсак, лидер аялдардын потенциалын жогорулатуу, шайлоого даярдоо максатында ар кандай окутууларды өткөрүп, эл ичиндеги көйгөйлөрдү аныктоо, алардын чечүү жолдорун издөөнү үйрөтүшөт. Мындай окутуулар мезгил-мезгили менен өткөрүлүп келет. Аялдар окуп эле тим болбостон чакан гранттарды жазып, өз ишмердүүлүгүн айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш менен бирге жүргүзүп келе жатышат. Алар мыйзамдуулук, ГАЛС ыкмасы ж.б айылдагы калыптанган көз караштар, тоскоолдуктар ж.б тууралуу маалымат алышат.
2019-жылы августта кабыл алынган-депутаттардын 30% милдеттүү түрдө аялдар түзүш керек деген квота эффективдүүлүгүн көрсөттү. Анткени буга чейин жергиликтүү кеңештердеги аялдар 10% болсо, квотадан кийинки эле шайлоодо ал 38% түзгөн. Айылдык кеңештерде аялдардын активдүүлүгү кескин өскөн.
Гүлбарчын Самибаева дагы квотанын жардамы депутат болуп келген. Кеңештеги төрт айымдын кесиптештеринин арасында өз орду жана айылдагы ар бир маселе боюнча көз караштары, туруктуу позициясы бар.
“Айылдын, элдин маселесинде эркек, аял деген көз караш болбош керек. Анткени депутат деги эле элге кызмат кылуучу, элдин жүгүн көтөрүүчү, кызмат көрсөтүүчү катмар боло турганын билип анан келишет да. Ар бир ишти кеңешип, үзөңгүлөш иштеп келатабыз. Артка кылчактабай, позициянды түз кармап, эл эмне дейт дегенден алыс болуу керек. Баарына убакыт тараза” деген төрайым өз жамаатымда өзгөртүү жасоону ар убак ойлонуп, ошонун үстүндө иштеп келем дейт.
Депутаттык корпуста эркектер менен теңтайлаша иштеп, аялдардын активдүүлүгү жогорулоодо. Аялдардын келиши менен жергиликтүү кеңештерде социалдык тармак менен бирге бюджетти максаттуу бөлүштүрүү, айылдын инфраструктурасына көңүл буруу өңдүү маселелерге кеңири орун бериле баштады.

Бакен Досалиева
Аялдарды колдоо борборунун жетекчиси Бакен Досалиева:
“Жаңы мыйзамга ылайык депутаттардын ыйгарым укуктары азайып калды. Бирок баары бир эл өкүлү катары аларга мамлекет тарабынан көңүл буруу керек. Ошондой эле алардын ишмердүүлүгү тууралуу элге кабарлоо иштери жүрүп турса, алардын дагы жоопкерчилиги артып, элдин ишеними дагы жогорулайт эле”,- дейт.
Келе жаткан жылда да биздин өлкөдөгү бир катар айылдык кеңештерде шайлоо жүрөт. Айылдык аялдар билими, акылы, тажрыйбасы менен айылын өнүктүрүүгө салым кошууга аракет кылып, шайлоо өнөктүгүнө жигердүү катышуусу зарыл.
Барчын Мамытбекова