Ак-Талаа районундагы акыркы күндөрү жаагандан жаандан улам Куртка-Соң-Көл унаа жолундагы айрым жол тилкелерин кыян алып кеткен. Натыйжада тоодон суу менен агып түшкөн шагыл Молдо-Ашуусундагы жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук кылган.


№15 жол тейлөө мекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, шагыл, таш төрөп калган жол тилкелери, тазаланып калыбына келтирилди.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова