8-9-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында армрестлинг боюнча Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча XXIII Азия чемпионаты өттү. Эл аралык мелдешке Азиянын 17 мамлекетинен 250дөн ашуун спортчу катышты. Мелдеште Ак-Талаа районунун спортчусу Махабат Дербишалиева кыз-келиндер арасында +70 килограмм салмак категориясында ийгиликтүү күч сынашып, оң кол жана сол кол боюнча күмүш медалдын ээси болду.

10-июнь күнү Азия чемпионатынын байге ээси Махабат Дербишалиеваны салтанаттуу тосуп алуу аземи уюштурулуп, ага район жетекчилиги, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана спортчунун жакындары катышты.



Алгач, Баетовдун борбордук Манас жана Султаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган айланма жолдогу Тайлак баатырдын эстелигинин алдынан Кыргыз Республикасынын Туусу жана гүл менен салтанаттуу тосуп алышты.







Салтанаттын жүрүшүндө Баетов айыл өкмөтү тарабынан 30 миң сом, Ардак грамота тапшырылса, ал эми аксакалдар кеңешинин төрагасы Качкынбек Абышбаев 30 миң сомдук кой берерин убада кылды.





Андан соң, спортчуну жана анын машыктыруучусу Эмилбек Чымылдаковду район акими Мирлан Камчыбеков кабыл алып, куттуктоосун билдирүү менен бирге эле Ардак грамота жана акчалай сыйлык ыйгарды.
Дербишалиева Махабат Жайлообековна 1985-жылы туулган. 3-топтогу ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран. Тактап айтканда, тубаса сол кɵзүнүн кɵрүүсү начар. Ал буга чейин параспорттун армрестлинг (кол күрɵш) түрү боюнча бир нече турнирлеринин жеңүүчүсү болгон. 2026-жылы 1-2-апрель күнү Бишкек шаарында ɵткɵрүлгɵн армрестлинг боюнча республикалык биринчиликте оң кол, сол кол боюнча чемпиону болгон.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова