Чүй облусунда педагогикалык чеберчиликти арттыруу, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу жана мугалимдердин кесиптик кадыр-баркын жогорулатуу максатында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими – 2026” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026” сынагы жыйынтыкталды.

Өз кесибинин чыныгы чеберлери күч сынашкан бул сынак жогорку деңгээлде уюштурулуп, Сокулук районундагы К. Карасаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде салтанаттуу жыйынтыкталды.
Сынактын катышуучуларын Чүй облустук усулдук билим берүү борборунун жетекчиси Раимбек Султанов куттуктап, мугалимдердин коомдогу орду өзгөчө экенин белгиледи.
«Мугалим — коомдун күзгүсү жана келечектин негизин түзгөн инсан. Бүгүнкү сынак сиздердин эмгегиңиздердин жана изденүүңүздөрдүн натыйжасы», — деди ал.

Сынактын жыйынтыгында Сокулук районунун өкүлдөрү жогорку жыйынтык көрсөтүп, байгелүү орундарды ээлешти:
1. Абдрахманова Зарина Жаныбековна -Алымкул Жакшылыков атындагы жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими.1-орун
2. Карыбекова Аида Карыбековна – Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинингеография мугалими 1-орун
3. Кабылова Бегайым Үсөновна- № ,,Гүлзар” бала бакчасынын тарбиячысы. 1-орун.
4. Артыкова Айпери Равшанбековна -Муса Жангазиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин англис тили мугалими. 2-орун.

Сынактын жыйынтыгында Г. Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин география мугалими Аида Карыбековна облустук этапта 1-орунду багындырды.
Биз жеңүүчү менен маектешип, анын таасирлери тууралуу угуп көрдүк.
— Аида Карыбековна, куттуктайбыз! Облустук сынак сиз үчүн кандай өттү?
— Саламатсыздарбы!
Облустук деңгээлдеги “Жылдын мыкты мугалими – 2026” сынагында 1-орунду алуу мен үчүн чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик болду. Сынак абдан оор, бирок баа жеткис тажрыйба берди. Психологиялык чыңалуу, толкундануу жана жоопкерчилик абдан жогору болду. Ар бир этаптын артында чоң эмгек, изденүү жана тынымсыз даярдык турат.
Бул сынак мага өзүмдүн мүмкүнчүлүктөрүмдү дагы бир жолу баалоого, кесиптештер менен тажрыйба алмашууга жана кесиптик деңгээлимди жогорулатууга өбөлгө түздү. Эң негизгиси — мугалимдик кесипке болгон сүйүүм дагы да бекемделди.
— Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?
— Менин ийгилигимдин сыры — үзгүлтүксүз эмгек, максатка умтулуу, кесипти сүйүү жана дайыма өнүгүүгө аракет кылуу. Ошондой эле мени колдогон үй-бүлөмө, жетекчилигиме, кесиптештериме жана окуучуларыма терең ыраазычылык билдирем. Бул жеңиш жалпы жамааттын жеңиши деп эсептейм.
Сынактын соңунда жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды. “Жылдын мыкты мугалими” сынагы агартуучулар үчүн жаңы дем, жаңы мотивация тартуулаган маанилүү иш-чара катары бааланды.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Перизат Каратаева